Коом
Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында өлкөнүн айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты. Ал эми Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын башчылары