акыркы жаңылыктар

«Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фестивалында мыкты шырдактар аныкталды

Коом

«Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фестивалында мыкты шырдактар аныкталды

28-июнда өткөн «Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фестивалында 230дан ашык шырдак кароо-сынакка коюлуп, мыкты деп табылган уздардын эмгектерине акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, «Мурас шырдагы» номинациясы боюнча баш байге Миң-Булак айылынын тургуну Гүлсүн Калыковага ыйгарылды.

2023-жылдын беш айында алкаголдук продукциясынын сатуусунан бюджетке 1.4 млрд сом түштү

Экономика

2023-жылдын беш айында алкаголдук продукциясынын сатуусунан бюджетке 1.4 млрд сом түштү

Алкоголдук продукциядан түшкөн киреше өткөн жылга салыштырмалуу 199%га көбөйдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, 2023-жылдын январь-май айларында 22 млн 895 миң литр алкоголдук продукция өндүрүлгөн, бул мурунку жылга салыштырмалуу 9 млн 756 миң литрге көп. «Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (өсүү

1-июлда Ала-Тоо аянтында 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат – Салык кызматы

Коом

1-июлда Ала-Тоо аянтында 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат – Салык кызматы

2023-жылдын 1-июлу бишкектиктер жана борбордун коноктору үчүн өтө маанилүү окуя менен эсте калаары шексиз – бул күнү Ала-Тоо аянтында Салык кызматы уюштурган «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын чоң утушу өткөрүлөт. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Бул күнү 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомо ойнотулат. Негизги байгелерден тышкары,

Саламаттыкты сактоо системасынын консолидацияланган бюджети 37.2 млрд сомду түздү – Акылбек Жапаров

Коом

Саламаттыкты сактоо системасынын консолидацияланган бюджети 37.2 млрд сомду түздү – Акылбек Жапаров

2010-жылы саламаттыкты сактоо системасынын консолидацияланган бюджети 5 млрд сом болсо, 2022-жылы 34 млрд сомго, ал эми 2023-жылы 37.2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу  Кыргызстандын урологдорунун IV Эл аралык форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, медицина кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашы менен ата мекендик адистердин медицинага келишине жагымдуу

Салык кызматынын лотереясынын 4-күнүндө 234 баалуу байге ойнотулат

Коом

Салык кызматынын лотереясынын 4-күнүндө 234 баалуу байге ойнотулат

Бүгүн, 29-июнь – «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуунун 4-күнү. Түз эфирдин жүрүшүндө 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 4 фен ойнотулат. Бул тууралуу Салык кызматы эскертти. Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Эскерте кетсек, 26-июндан тартып утуштар Салык кызматынын

Прокуратуранын тергөө функциялары чектелди – депутаттар мыйзамды колдоп беришти

Саясат

Прокуратуранын тергөө функциялары чектелди – депутаттар мыйзамды колдоп беришти

2023-жылдын 29-июндагы Жогорку Кеңеш «КРнын прокуратурасы жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзам прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыккан, анын ичинде Конституциянын айрым ченемдерине карама-каршы келген прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу максатында даярдалган. Тагыраагы, тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салууга багытталган. Талкууда

Кыргызстанда пакеттердин жүгүртүүсү чектөөгө алынды

Коом

Кыргызстанда пакеттердин жүгүртүүсү чектөөгө алынды

2023-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин депутаттары «КРнын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү» жана «КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлорунун топтому колдоп беришти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Долбоордун демилгечи Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев болуп чыкты. Мыйзам долбоору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө

Бишкектин мэриясы ЕӨБ делегациясы менен 2050-жылга чейинки Башкы планын иштеп чыгуу долбоорун талкуулашты

Саясат

Бишкектин мэриясы ЕӨБ делегациясы менен 2050-жылга чейинки Башкы планын иштеп чыгуу долбоорун талкуулашты

Борбор калаанын муниципалитетинде Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Евразия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарынын мэриясы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун каржылоо боюнча меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Ошондой

1-июлдан тартып маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат – Салык кызматы

Экономика

1-июлдан тартып маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат – Салык кызматы

2023-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Салык кызматы эскертти. Буга төмөнкү товарлар кирет: • ТЭИ ТН 2203 товардык позициясына кирген сыра (куюлган жана куюлбаган); • электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук (ТЭИ ТН 2404); • бир корпустагы никотин

Ысык-Көл облусу менен КНРдын СУАР аймагы туризм тармагы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Экономика

Ысык-Көл облусу менен КНРдын СУАР аймагы туризм тармагы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

27-июнь күнү Ысык-Көл облусуна Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень келди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Облус жетекчиси Илияз Иманбетов Кытай элчиси менен облустагы бир катар маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Анда эки өлкө ортосундагы карым-катнаш, өзгөчө Ысык-Көл облусу менен Кытайдын СУАР аймагы ортосундагы алака, андагы

Кытайдын Чэнду шаарында соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү

Экономика

Кытайдын Чэнду шаарында соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү

Кытайдын Чэнду шаарында соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги билдирди. Форумга Сычуань провинциясынан 100 ашык инвестициялык жана туристтик компаниялардын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов иш-чаранын жүрүшүндө кытайлык ишкерлерге Кыргызстандагы бизнес-климат, ошондой эле анын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кененирээк айтып

Улуттук банк төлөм системасына лицензия берди

Экономика

Улуттук банк төлөм системасына лицензия берди

Төлөм системасы боюнча комитетинин 2023-жылдын 21-июнундагы токтому менен «Азия Пэймент Солюшн» жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензиялар берилди. Бул тууралуу КРУБнын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, системага төмөнкү лицензиялар берилди: • үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү