Ошто агроөнөр жай паркы курулат

Ошто агроөнөр жай паркы курулат

2024-жылдын 23-январында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев Агроөнөр жай комплексинин ассоциациясынын төрагасынын орун басары жана Кыргызстан сүт азыктары ассоциациясынын төрагасы Аскар Маметжановду кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйында бул аймакта айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү агроөнөр жай паркын куруунун перспективдүү пландары талкууланды.

Демилге айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, кайра иштетүүчүлөрдү, стартаптарды, изилдөөлөрдү иштеп чыгуучуларды, инноваторлорду жана студент-практиканттарды бириктирүүнү камтыйт.

Долбоордун максаты – айыл чарбасын өнүктүрүү жана ар кандай тармактын катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүгө көмөктөшүүчү инновациялык платформаны түзүү. Райондун жана бүтүндөй өлкөнүн экономикалык потенциалынын өсүшүн колдоо менен жогорку кошумча нарк менен продукцияны жигердүү экспорттоо пландаштырылууда.

Read more

«Алтын тамга» артыкчылык аттестат ээлерине «Альянс Алтын» ноутбук тапшырды

«Алтын тамга» артыкчылык аттестат ээлерине «Альянс Алтын» ноутбук тапшырды

«Альянс Алтын», 30-майда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен облус аймагында «Алтын тамга» артыкчылык аттестаттына ээ болгон окуучулар сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчиси Баатыр Качкынбаевдин

РКӨФ жана «Альянс Алтын» биргеликте Таластагы долбоорлорду каржылайт

РКӨФ жана «Альянс Алтын» биргеликте Таластагы долбоорлорду каржылайт

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду «Альянс Алтын» компаниясы жана ушул эле аталыштагы өнүктүрүү фонду үч тараптуу кызматташуу келишимин түзүштү. Келишим энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана башка негизги багыттарда биргелешип иштөөгө багытталган. Бул кызматташтыктын алкагында РКӨФ жана «Альянс Алтын» өнүгүү фонду Талас облусунда тиешелүү долбоорлорду тандап, экспертизадан өткөрүп,

Шылуундарды  кантип таануу боюнча Улуттук банктын кеңештери

Шылуундарды кантип таануу боюнча Улуттук банктын кеңештери

Акыркы убакта Кыргызстанда банк тармагында алдамчылык фактылары көп катталууда. Кыргызстандыктар социалдык тармактарда, телефон аркылуу же мессенджер аркылуу алданууда. Алдамчылыктын курмандыктары акчасы уурдалгандан кийин гана билишет. Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү Economist.kgге каржы тармагындагы алдамчылыктын түрлөрү тууралуу айтып берди, бул жарандардын сергек болушуна жардам берет. Банк тармагында алдамчылыктын кандай

Экологиялык диалог: «Альянс Алтын» эко долбоорлорду колдоону улантат

Экологиялык диалог: «Альянс Алтын» эко долбоорлорду колдоону улантат

Талас облусунда экологияга өзгөчө көңүл бурулат. Талас шаарында 2024-жылдын 19-апрелинде «Альянс Алтын» компаниясы «Экологиялык диалог: келечекке көз караш» аттуу тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Алсак, тегерек столго Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн өкүлдөрү, экологдор, окумуштуулар, студенттер, суу чарба, өзгөчө кырдаалдар, мамлекеттик жана өкмөттүк уюмдардын адистери,