Саясат
Садыр Жапаров Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады
Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 18-декабрда, Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын аппараты кайрылууну жарыялады: «Урматтуу мекендештер! БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде бүткүл дүйнө жүзүндө 18-декабрь Эл аралык мигранттар күнү катары аныкталган. Кыргызстан 2003-жылы тиешелүү мыйзамды кабыл алуу менен Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө