Акылбек Жапаров Москвага иш сапары менен келди

Акылбек Жапаров Москвага иш сапары менен келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Москвага келди. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жумуш сапарынын алкагында Жапаров Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагындагы иш-чараларга катышат. 

Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын алкагында КРнын быйылкы КМШ органдарындагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылаары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Россия 2024-жылы Россиянын КМШга төрагалык кылуу Концепциясынын негизги жоболорун сунуштайт.

КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында өкмөт башчыларынын билдирүүсүнө кол коюлуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

А.Касымалиев Бишкектеги инвестициялык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты

А.Касымалиев Бишкектеги инвестициялык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында ишке ашырылып жаткан ишкерликке багытталган долбоорлордун жана энергетикалык объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш сапардын алкагында МинКаб Төрагасы Н.Исанов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан реконструкцияланган заманбап кеңсе борборуна барды. Вьетнамдык “Rox Group” компаниясынын директорлор

Мал чарбачылыгында тоюттандыруунун заманбап ыкмалары жайылтылууда

Мал чарбачылыгында тоюттандыруунун заманбап ыкмалары жайылтылууда

Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунда 2026-жылдын 13-14-январь күндөрү малды тоюттандыруу багыты боюнча адистер үчүн окуу-семинар өткөрүлдү. Иш-чара KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин гранттык долбоорунун алкагында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Семинардын негизги максаты – мал чарбачылыгында илимий негизделген тоюттандыруу системаларын киргизүү, малдын продуктивдүүлүгүн жогорулатуу жана тоют ресурстарын

Ишенимге кирип 25 миң $ алдап кеткен, издөөдөгү жаран кармалды

Ишенимге кирип 25 миң $ алдап кеткен, издөөдөгү жаран кармалды

Милицияга О.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2023-жылдын ноябрь айында өзүн «Мурат» деп тааныштырган жаран сот ишине байланыштуу маселени оң жагына чечип берүүнү убада кылып, алдамчылык жолу менен 25 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алганын билдирген. ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлагандай, акчаны алгандан кийин шектүү белгисиз багытта

Өткөн жылы Ош облусунда жаңы көмөк чордондор ишке берилген

Өткөн жылы Ош облусунда жаңы көмөк чордондор ишке берилген

Былтыр Энергетика министрлигинин тапшырмасынын негизинде “КУЭТ” ААКтын филиалы – Ош электр тармактары тарабынан электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүн эске алуу менен бир катар маанилүү иштер аткарылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Жүктөмү жогору аймактарда кубаттуулугу жетишсиз болгон трансформаторлор жогорку кубаттуулуктагы жаңы трансформаторлорго алмаштырылып, кошумча көмөк чордондор курулду. Атап айтканда, Ош шаарында