Бизнес маек
Бизге эч ким даяр ишкер бербейт, биз аларды колдоп, көбөйтүп, өстүрүшүбүз керек — Руслан Акматбек
Эксперт, коомдук пикирлерди изилдөөчү, ЖИАны көп жылдар бою жетектеп келген Руслан Акматбек ИШКЕР MEDIA менен маектешип, Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлердин көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, эң чоң көйгөйлөрдүн сап башында каржылоо, тил маселеси, инфраструктура, кайдыгер караган мамлекеттик органдар турат. — Акыркы төрт айда аймактардагы ишкерлер менен иштедиңиз. Сиз айткандай, ал жакта