Таласта «Альянс Алтын» жана МИК ипотекалык турак жайларды курууну пландап жатышат

Таласта «Альянс Алтын» жана МИК ипотекалык турак жайларды курууну пландап жатышат

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Жерүй кенине барып келди. Ал жетектеген делегация кенди иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы аткарып жаткан иштер менен таанышты. Облус жетекчиси кендеги жумушчулардын учурдагы абалы, түзүлгөн эмгек шарттары жана экологиялык коопсуздук тууралуу сурады.

Облус жетекчиси Таластагы алтын бөлүп чыгаруучу фабрика, Жерүй кениндеги калдык сактоочу жай менен таанышты. Ошондой эле, «Альянс Алтын» компаниясынын ишмердүүлүгү аркылуу облуска ири каражаттар бөлүнүп, бир катар долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгы белгиленди. Жакынкы аралыкта облустарды өнүктүрүү фонддору, президенттик администрациясы жана Мамлекеттик ипотекалык компаниясы менен биргеликте Таласта ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдү куруу маселеси каралууда.

Талас облусундагы Жерүй алтын кени ишке киргенден бери Талас райондук, Талас районунун, Бекмолдо айыл аймагынын өнүктүрүү фонддору түзүлүп, бүгүнкү күнгө карата сатуудан түшкөн каражаттан 875 млн сомдон ашык каражат которулган.

Облус жетекчиси экология маселесине кызыгып, калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышты.

Компания КР Улуттук илимдер академиясы менен иштешип, өндүрүш калдыктарын кайра иштетүү аракетин көрүп жатканын, учурда илимий изилдөөлөрдүн акыркы этаптары калганын билдирди. Окумуштуулардын эмгеги оң натыйжа берсе, анда өндүрүш калдыктарынан курулуш материалдарын чыгарууга болот.

Таластагы алтын өндүрүүчү комбинаттын башка заводдордон өзгөчөлүгү өндүрүш калдыктары 20% нымдуулук менен чыгарылып, эң коопсуз деп эсептелинет, дейт компания. «Альянс Алтын» кенди иштетүүдө экологиялык коопсуздукту камсыздоону биринчи орунга койгон. Ошентип, экологиялык көзөмөл да компаниянын өзүндөгү экологдор, жеке коомдор жана мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнөт. Облус жетекчиси менен бирге КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын башчысы Бекназар Ашимов кенге барган.

«Биз ар дайым кен аймагындагы абалга көз салып турабыз. Биз дайыма коңшу айылдардын суусун, абасын текшерип турабыз. Айрыкча жазында агын суулардан суу келгенде бардык саркынды суулар булганат. Биз дагы текшерип, бул табигый көрүнүш экенин жергиликтүү тургундарга билдиребиз», - деди Ашимов.

Эске сала кетсек, жалпы текшерүүлөр көрсөткөндөй, ишкананын сегиз жылдык ишмердүүлүгүндө экологияга терс таасирин тийгизген бир дагы учур катталган эмес.

Кен боюнча баардык маалыматты ишкананын кызматкерлери облус жетекчисине беришти. Учурда «Альянс Алтын» ишканасында 839 адам иштейт, жалпысынан кенде 1400дөй адам иштейт. Кызматкерлердин басымдуу бөлүгүн Талас районунун тургундары түзөт. Компания алтын өндүрүүнү 2021-жылдын март айында баштаган. «Альянс Алтын» түзүлгөндөн бери жана 2023-жылдын июнь айына карата мамлекетке 12 млрд сомго жакын акча которду. Анын ичинде өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн каражаттын суммасы 8 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media