Энергетика министри «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын күз-кыш мезгилине карата даярдыгын текшерди

Энергетика министри «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын күз-кыш мезгилине карата даярдыгын текшерди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы, жылуулук тармактарын реконструкциялоо жана жаңы объекттердин курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы маалымдады.

Алгач, министр С.Каралаев көчөсүндөгү жылуулук тармактын реконструкциялоо иштерине көз чаптырды. Эскерте кетсек эскилиги жеткен бул түтүктөр 1987-жылдан бери ишке берилип, 36 жыл колдонулган. Учурда «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы өз каражатынын эсебинен эски диаметри 400 мм түтүктөрдү 500 мм түтүктөргө алмаштырылууда.

Быйыл Бишкекжылуулуктармагы эки участокто: С.Каралаев жана Т.Абдымомунов көчөлөрүнүн боюндагы жылуулук тармактын түтуктөрун куруу жана реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул иштердин натыйжасында жалпы суммасы 61.9 млн сомго ар кандай диаметрдеги 526 метр жылуулук тармактары курулуп, жаңыланат.

Андан кийин министр Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан «7-апрель» көчөсүндөгү  жылуулук тармагынын бөлүгүнө барды.

«Чыгыш» магистралдык жылуулук тармагынын реконструкциялоонун жүрүшүндө 1,3,4 ишке киргизүүчү комплекстерин камтыган 2326 метр узундуктагы түтүкчөлөр жаңыланат. Долбоордун алкагында ошондой эле түтүктөрдүн диаметрин 700 ммден 900 ммге чейин көбөйтүү менен узундугу 1070 метр болгон жаңы жылуулук тармагын куруу пландалууда», - деп мекеме белгиледи.

Долбоорду China Road and Bridge Corporation, Shandong Junhui Construction Group Co жана «Технотоп» ЖЧК консорциуму ишке ашырат.

Жаңы жылуулук тармагы бир нече этап менен ишке ашырылат. Жылуулук механикалык бөлүгү 2023-жылдын 30-сентябрына чейин бүткөрүлөт, ал эми долбоордун толук бүтүшү 2023-жылдын декабрында күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media