акыркы жаңылыктар

Бразилиядан импорт бир жылда 564%га өстү - чийки кумшекер келет

Бразилиядан импорт бир жылда 564%га өстү - чийки кумшекер келет

2022-жылдын январь-август айларында Бразилиядан Кыргызстанга 43.8 млн долларга кумшекер импорттолгон, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 564%ды түзгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет берди. Кыргызстанга импорттолгон товарлардын көлөмүнүн өсүшү боюнча Кытай экинчи орунда турат, тагыраак айтканда, ал 2.5 млрд долларга жеткен (өсүү 223%). Ошол эле учурда Кыргызстандын

Кыргызстанга келген россиялыктардын 96%дан ашыгы өлкөдөн чыгып кетишти - Эмгек министрлиги

Кыргызстанга келген россиялыктардын 96%дан ашыгы өлкөдөн чыгып кетишти - Эмгек министрлиги

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрга чейин Кыргызстанга 760 миң россиялык жаран келген. Алардын 730 миңи өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев парламенттин жыйынында билдирди. Депутат Надира Нарматова россиялык жарандардын массалык агымына тынчсызданды. Анын айтымында, учурда өлкөдө Россиядан аскерге чакырылгандар көп, бул мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч

Иран Кыргызстандын ишкерлери үчүн визасыз режим киргизүү маселесин карайт

Иран Кыргызстандын ишкерлери үчүн визасыз режим киргизүү маселесин карайт

Иран кыргызстандык ишкерлер үчүн 14 күнгө чейин визасыз режим киргизүүгө даяр. Бул тууралуу кечээ, 11-октябрда эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарындагы (СӨП) кыргыз-иран бизнес комитетинин биринчи отурумунун жыйынтыгында белгилүү болгонун КР СӨПтүн маалымат кызматы билдирди. Иранга Кыргызстан менен инвестиция, айыл чарба, машина куруу, металлургия, тоо-кен өндүрүшү, инженердик-техникалык кызмат көрсөтүүлөр тармагында кызматташууга

Транспорт министрлиги жыйымдарды электрондук түрдө чогултуу боюнча маалыматтык системаны ишке киргизет

Транспорт министрлиги жыйымдарды электрондук түрдө чогултуу боюнча маалыматтык системаны ишке киргизет

“Жүк ташуучу унаалардан жана автобустардан жыйымдарды электрондук түрдө чогултуу жана салмагын жана өлчөмүн көзөмөлдөө боюнча маалыматтык системаны ишке киргизүү” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору боюнча сынактык жол-жоболордун жыйынтыгында сынактын жеңүүчүсү тандалды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Алар бир консорциумдагы «Казан-Телематика» ЖЧКсы, «СофтТелематика» ЖЧКсы жана “Сервис-Телематика” ЖЧК . Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар

Кыргызстанда Россияда ишке орноштуруу үчүн миграциялык борборлор ачылат

Кыргызстанда Россияда ишке орноштуруу үчүн миграциялык борборлор ачылат

Кыргызстанда Россияда ишке орноштуруу үчүн миграциялык борборлор ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди. “Москвага болгон иш сапарынын жүрүшүндө биз Сахароводогу миграция борборуна барып, таң калып, ал жерден жарандарыбызды араң таптык. Кыргызстандыктар менен болгон сүйлөшүүнүн жүрүшүндө биз жарандарыбыздын сабатсыздыгынан пайда тапкан ортомчулар бар

Релоканттар жана бизнес үчүн Экономика министрлиги Telegram чат-ботун ишке киргизди

Релоканттар жана бизнес үчүн Экономика министрлиги Telegram чат-ботун ишке киргизди

Бизнес чөйрөсү жана КРга көчүп келген чет элдик жарандар үчүн Telegramда чат-боту ишке киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди. Аталган чат-бот жарандарга биздин өлкөдө зарыл болгон эсепке алуу жана каттоо процедуралары боюнча маалымат алууну жеңилдетет. Telegram’дагы чат-бот бөлүмдүн сайтында жайгашкан, иштелип чыккан беш бизнес колдонмолордун негизинде түзүлгөн.

Электрондук патент алууда убактылуу кыйынчылыктар болууда - МСК

Электрондук патент алууда убактылуу кыйынчылыктар болууда - МСК

Мамлекеттик салык кызматы Төлөм шлюзунун жаңылануусуна байланыштуу электрондук патент/полис үчүн онлайн төлөм жүргүзүүдө кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди. МСК төлөм шлюзунун жаңылануусуна байланыштуу электрондук патент/полис үчүн төлөм жүргүзүүдө салык төлөөчүлөрдө кыйынчылыктар болуп жаткандыгын билдирет. 2022-жылдын 1-октябрынан баштап электрондук патент үчүн төлөмдөрдү кабыл алууга жооптуу болгон электрондук төлөм системасы (төлөм

Экономика министрлиги товарлардын баасын эмнеге кескин төмөндөтүүгө мүмкүн болбой жатканын айтты

Экономика министрлиги товарлардын баасын эмнеге кескин төмөндөтүүгө мүмкүн болбой жатканын айтты

Экономика министрлиги өлкөдөгү азык-түлүктүн баасы эмнеге дагы деле кескин арзандабай жатканынын себебин айтты. “Биздин өлкөнүн негизги соода өнөктөшү Россия Федерациясы болуп саналат. Учурдагы саясий кырдаалга байланыштуу товарларды ташуунун/жеткирүүнүн логистикалык чынжыры үзгүлтүккө учурады, бул товарлардын баасын кескин төмөндөтүүгө мүмкүн болбой калды”, – деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө. Ошондой эле министрлик КРдагы товарлардын

800 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө иштешет - министр

800 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө иштешет - министр

800 миңден ашуун Кыргызстандын жараны дүйнөнүн кеминде он бир өлкөсүндө иштеп, жашап жүрүшөт. Бул тууралуу Эмгек министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, расмий түрдө Кыргызстандын жарандары эмгек мигранттары болуп саналат: * Россияда — 680.5 миң адам * Түркияда — 35 миң адам * Казакстанда – 35 миң адам * Канада жана АКШда – 26 миң

Кумшекер, өсүмдүк майы, КММ, ун - Экономика министрлиги алардын баалары тууралуу айтты

Экономика

Кумшекер, өсүмдүк майы, КММ, ун - Экономика министрлиги алардын баалары тууралуу айтты

Бүгүнкү күндө канттын баасы туруктуу, ошондуктан республика боюнча орточо эсеп менен 1 кг кумшекер 88.3 сомдон сатылууда. «Кошой» ААК заводунун дүң сатуу баасы 1 кг 79.2 сом. Республикада канттын жетиштүү запастары бар. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Өсүмдүк майы Ошондой эле министрлик республикада өсүмдүк майынын баасы төмөндөө тенденциясына

Түшүм арзан, андан башка бүт нерсе кымбат - таластык дыйкандар бийликке нааразы

Түшүм арзан, андан башка бүт нерсе кымбат - таластык дыйкандар бийликке нааразы

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов дыйкандар түшүм арзан болуп жатканын, солярка кымбат экенин, Айыл чарба министрлиги түшүмдү экспорттоого жардам бербей жатканын айтып нааразы болушканын билдирди. Депутаттын айтымында, ал жакында эле Талас облусуна барган. Ал жердеги дыйкандар түшүм жыйноо убагында күйүүчү майдын баасы кымбат, ошол эле коңшу турган

Яндекс Go, Vaskiani Ventures limited жана Xsolla компаниялары 29 млн сом КНС төлөштү

Яндекс Go, Vaskiani Ventures limited жана Xsolla компаниялары 29 млн сом КНС төлөштү

Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүүчү үч чет өлкөлүк компания 29.2 млн сом кошумча нарк салыгын (КНС) төлөдү. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди. КРда электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү үч чет өлкөлүк компания республиканын бюджетине 29.2 млн сом КНС төлөштү. Салыкты Яндекс Go (Россия), Vaskiani Ventures limited (Кипр) жана Xsolla