Салык кызматы дээрлик 100 млрд сом салык чогултту - дагы 56 млрд чогултуш керек
2022-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 99 млрд 961.4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди. Мекеме белгиленген план 1 млрд 445.5 млн сомго ашыгы менен чогултулганын (аткаруу 101.5 %) маалымдады. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 33 млрд 829.4 млн