Улуттук банк улуттук валютанын жаңы 5-сериясын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк улуттук валютанын жаңы 5-сериясын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк 2023-жылдын 10-майынан тартып 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторду, улуттук валютанын жаңы 5-сериясын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу көзөмөлдө органдын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жаңы сериядагы банкноттор КРнын улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналат.

Кыргызстандын жаңы сериясынын банкноттору жасалма жол менен акча чыгаруудан бекем коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтеринин комплексин камтыйт.

2023-жылдагы үлгүдөгү 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун негизги коргоо элементтери:

  • Суу белгиси: ачык түстөн күңүрт түскө өткөн портрет жана номинал түрүндөгү электротип.
  • Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке сыяктуу (үзгүлтүксүз) чагылып көрүнөт. Анда сандын номиналы жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби камтылган. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо ромб фигурасынын чагылышы жана тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт.
  • Бири-бирине дал келген сүрөт: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.
  • Банкнотту кол менен кармап көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот.
  • Көмүскө сүрөт: банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун белгиси – С пайда болот.
  • Түстөрдүн өзгөрүшү – банкнотту жантайыңкы алып кароодо эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот.
  • Жалтырак түс (арткы бетинде) – банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл