USAID Бишкекте «Агро Экспортер» эл аралык форумун уюштурат

USAID Бишкекте «Агро Экспортер» эл аралык форумун уюштурат

Бишкекте «Агро Экспортер» форумуна Кыргызстан менен Өзбекстандын 200дөн ашык фермерлери жана ишкерлери катышат. Бул тууралуу АКШнын элчилиги билдирди.

Такталгандай, форумда 200дөн ашык фермерлердин, ишкерлердин жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын экспорттоону илгерилетүү жана Өзбекстандан келген потенциалдуу сатып алуучулар менен түз байланыш түзүү боюнча негизги маселелерди талкуулоо күтүлүүдө.

Бул форум USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Бул долбоор кыргызстандык дыйкандарды жана айыл чарба ишканаларын колдоп, Өзбекстан менен соода байланышын кеңейтүү аркылуу КРда жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталган беш жылдык долбоор.

Иш-чарага бардык кызыкдар ЖМК өкүлдөрү чакырылат. Кошумча маалымат алуу үчүн nmakhkamova@kyrgyzagrotrade.com же +996770268337 аркылуу кайрылса болот.

Иш-чара 2023-жылдын 12-майында Бишкектеги Novotel мейманканасында (Манас проспектиси, 16) өтөт. Каттоо саат 9:00дө башталат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-

3,1 млн сомго бааланган унаалар мыйзамсыз каттоодон өткөрүлгөн

3,1 млн сомго бааланган унаалар мыйзамсыз каттоодон өткөрүлгөн

Мамлекеттик Бажы кызматы эки жүк ташуучу автоунааны мыйзамсыз каттоо фактысын аныктады. Мамлекетке келтирилген 3,1 млн сомдон ашык зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагында 2012-жылы чыгарылган “DAF” үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу автоунаанын баштапкы мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты.

Баткендеги 28 айыл жакынкы жылдары ичүүчү суу менен камсыз болот

Баткендеги 28 айыл жакынкы жылдары ичүүчү суу менен камсыз болот

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Баткен облусунда ишке ашырылып жаткан ичүүчү суу долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы жылдары 28 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк

Ошто Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү жабылат

Ошто Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү жабылат

Ошто У. Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, У. Рахманов көчөсүндө узундугу 1200 метрди түзгөн төрт тилкелүү жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 7-июлдан тартып У. Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү автотранспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Ош шаардык мэриясы