Ысык-Ата дарыясында ГЭСтин курулушу улантууда
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата дарыясында курулуп жаткан кичи ГЭСтин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер, анын ичинде кичи ГЭСтерди курууга керектүү уруксат документтерин алуу боюнча орун алган көйгөйлүү маселелер