Кыргызстанга италиялык бизнес делегациясы келди

Кыргызстанга италиялык бизнес делегациясы келди

Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилиги италиялык бизнес-делегациянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга ошондой эле төмөнкүдөй иш алып барган италиялык компаниялардын өкүлдөрү катышты, мисалы:

  • Matter Economy srl – жашыл курулуш" жана КРда BIM прогрессивдүү технологиялык моделдерин киргизүү чөйрөсүндө - имараттарды/курулуштарды долбоорлоо, куруу жана башкаруу процессин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү курулуш маалыматтык моделдөөгө  адистешкен;
  • Airmec компаниясы – абаны тазалоо үчүн технологиялык системаларды өндүрүү, ошондой эле жылуулук электр станциялары жана кичи ГЭСтер аркылуу кайра жаралуучу булактардан энергия өндүрөт;
  • Trivellazioni Italia Srl компаниясы – жолдорду, көпүрөлөрдү куруу, карьерлерди казуу, артезиан скважиналарын бургулайт;
  • «Италияда жасалган» брендин дүйнөгө жайылтуу үчүн Кампания аймагындагы италиялык бренддик кийим өндүрүүчүлөр менен кызматташып жаткан модельер А.Ламбиазе. Ал аймактык текстиль комбинатынын ээси болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары, калдыктарды кайра иштетүү жана биогаз өндүрүү тармагындагы долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле инновациялык ыкмаларды, технологияларды жана материалдарды киргизүү максатында адистерди окутууну уюштуруу боюнча эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле италиялык өндүрүштү КРда жайгаштырууга мүмкүн маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Михаил Мишустин менен соода-экономикалык маселелерди талкуулады

Адылбек Касымалиев Михаил Мишустин менен соода-экономикалык маселелерди талкуулады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Президенттик админстрациянынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, жолугушуу "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында өттү. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлде активдүү саясий диалог жүргүзүлүп жатканын, соода-экономикалык

Манас районунда дан эгиндерин жыйнай башташты

Манас районунда дан эгиндерин жыйнай башташты

Талас облусунун Манас районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл жалпы 1 950 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилген. Адистердин айтымында, учурда орточо түшүмдүүлүк гектарынан 30–40 центнерди түзүүдө. Бул көрсөткүч

Таласта эрте бышуучу картошка гектарынан 300 центнерден түшүм берүүдө

Таласта эрте бышуучу картошка гектарынан 300 центнерден түшүм берүүдө

Талас облусунун Манас районунда эрте бышуучу "Актрис" сортундагы картошканы жыйноо башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган сорт район боюнча 550 гектар аянтка отургузулган. Учурда анын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 300 центнерди түзүүдө. Азыркы тапта дыйкандар картошканы дүңүнөн 30–

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Учурда үч кабаттуу имараттын негизги конструкциялары бүткөрүлүп, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында мектеп жетишсиздиги жаралган райондордо жана жаңы конуштарда билим берүү мекемелери