Айгерим Качкынбекова

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Коом

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды.

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Коом

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй районундагы "Премиум" жана "Пура" балык чарбаларына барып, тармактын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш сапардын максаты — атамекендик балык тоютунун сапатын жана анын балыктын өсүшүнө тийгизген таасирин баалоо болду. "

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Коом

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана иштердин сапатын көзөмөлдөөнү улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, Каракол шаарындагы май куюучу жайда реконструкциялоо жана кайра пландоо иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталып, айып пул салынып, көрсөтмө

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө

Бишкек мэри Кытай элчиси менен маанилүү долбоорлорду талкуулады

Коом

Бишкек мэри Кытай элчиси менен маанилүү долбоорлорду талкуулады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгын талкуулап, маданият, экономика жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурушту. Мэр кытай тарапка колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, жыл башынан бери биргелешкен долбоорлор ишке ашканын белгиледи. Алардын ичинде

Корумду–Балбай Баатыр жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Транспорт

Корумду–Балбай Баатыр жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай Баатыр тилкесинде жол курулуш иштери жигердүү уланууда. Учурда асфальт-бетон катмарынын экинчи катмарын төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Муну менен катар тротуарлардын жана веложолдун негизин даярдоо, ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Аталган тилке 17 калктуу

Бишкекте турак үйлөрдүн жанында убактылуу курулмаларга тыюу салынды

Коом

Бишкекте турак үйлөрдүн жанында убактылуу курулмаларга тыюу салынды

Бишкек шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдүн жанындагы жер тилкелерине жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул чечим Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан тургундардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынган. Максат — шаардын архитектуралык көрүнүшүн сактоо, жашыл аймактарды жана тротуарларды бош кармоо, ошондой эле

Финансылык кылмыштарга каршы күрөш: Кыргызстан ЭВФ менен кызматташат

Коом

Финансылык кылмыштарга каршы күрөш: Кыргызстан ЭВФ менен кызматташат

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары З. Акназаров Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жолугушууда коррупция, уюшкан кылмыштуулук жана салыктык укук бузууларга каршы күрөшүү, ошондой эле мыйзамсыз кирешелерди адалдоого каршы иликтөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Ошондой эле 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Гранттар жана кредиттер

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Коомдоштуктардын демилгеси менен ишке ашырылып жаткан улуттук долбоордун алкагында айыл аймактарында экономикалык объекттерди ишке ашыруу үчүн тандоо жыйыны өттү. Тандоо комиссиясынын курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин, АРИСтин, Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана "Бир айыл — бир продукт" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү

Бишкекте курулуш талаптарын бузган объектилерге эскертүү берилди

Коом

Бишкекте курулуш талаптарын бузган объектилерге эскертүү берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти борбор калаадагы курулуш объектилерин текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкектеги бир катар объектилерде техникалык коопсуздук жана курулуш талаптары толук сакталбаганы аныкталды. Алардын катарына Жибек-Жолу көчөсүндөгү 14 кабаттуу бизнес борбору, Турсунбаева көчөсүндөгү 10

Кыргызстан жана Корея коррупцияга каршы биргелешип иш алып барат

Коом

Кыргызстан жана Корея коррупцияга каршы биргелешип иш алып барат

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М. Асаналиев Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангдже менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды. Атап айтканда, коррупцияга каршы аракеттенүү, трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын укуктарын коргоо жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүн санариптештирүү маселелерине көңүл бурулду.

Адылбек Касымалиев "Digital Qazaqstan – 2026" форумуна катышты

Саясат

Адылбек Касымалиев "Digital Qazaqstan – 2026" форумуна катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумуш сапарынын алкагында "Digital Qazaqstan – 2026" эл аралык санарип форумуна катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Форумдун алкагында делегация башчылары санарип технологиялардын көргөзмөсү менен таанышып, жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө жана экологияны коргоого багытталган долбоорлор сунушталды. Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн Касымалиев