Адылбек Касымалиев "Digital Qazaqstan – 2026" форумуна катышты

Адылбек Касымалиев "Digital Qazaqstan – 2026" форумуна катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумуш сапарынын алкагында "Digital Qazaqstan – 2026" эл аралык санарип форумуна катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумдун алкагында делегация башчылары санарип технологиялардын көргөзмөсү менен таанышып, жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө жана экологияны коргоого багытталган долбоорлор сунушталды.

Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн Касымалиев технологиялар адам жашоосун тез өзгөртүп жатканын белгилеп, Кыргызстанда IT тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. Анын айтымында, Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорттук үлүшү ИДПнын 1 пайызын түзөт. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 3 пайызга жеткирүү максатталууда.

Ошондой эле республикада Жасалма интеллект боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, санариптик багыттагы иштер активдүү жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Жыйында жасалма интеллект, кибер коопсуздук, крипто экономика жана билим берүү сыяктуу актуалдуу темалар талкууланды.

Форумга мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөсүнүн, IT-компаниялардын жана эл аралык эксперттердин өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: Маданият кызматкерлеринин айлыгы 100% көбөйдү

Адылбек Касымалиев: Маданият кызматкерлеринин айлыгы 100% көбөйдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү” эл аралык конференциясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка таянсак, МинКаб Төрагасы маданий өз ара аракеттенүү жана чыгармачыл индустрияларды колдоо бүгүнкү күндө гуманитардык күн тартибинен чыгып, улуттук өзгөчөлүктү, адам капиталын жана мамлекеттердин атаандаштыкка

Ноокат районунун акими жана Манас шаарынын мэри кызматтан бошотулду

Ноокат районунун акими жана Манас шаарынын мэри кызматтан бошотулду

Ош облусунун Ноокат районунун акими кызматынан Данияр Шейшеканов бошотулду. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, Д.Шейшекановдун ордуна Нурлан Керимкулов Ноокат районунун акими болуп дайындалды. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов да кызматынан бошотулду. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон

Ысык-Көлдүн жээгине курулуп жаткан мейманкананын абалы текшерилди

Ысык-Көлдүн жээгине курулуп жаткан мейманкананын абалы текшерилди

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көлдүн жээгинде курулуп жаткан беш жылдыздуу мейманкана комплексинин курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка караганда, мейманкана комплекси Азербайжандын президентинин иш башкармалыгы менен Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында курулууда. Долбоор аймактагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиакаттамдардын графиги өзгөрдү

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиакаттамдардын графиги өзгөрдү

Москвада “Ковер” планы киргизилгенине байланыштуу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы айрым авиакаттамдардын графиги өзгөрдү. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Авиатрафик” авиакомпаниясынын Бишкек – Москва багыты боюнча YK883 каттамы Нижний Новгород шаарындагы аэродромго багытталды. Ошондой эле Бишкектен Москвага учуп бара жаткан К91701 каттамы да ошол жерге конду.