Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана иштердин сапатын көзөмөлдөөнү улантууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Каракол шаарындагы май куюучу жайда реконструкциялоо жана кайра пландоо иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталып, айып пул салынып, көрсөтмө берилген.

Бирок объект мыйзамсыз түрдө пайдаланууга берилген. Натыйжада “Газ Инвест” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, кайрадан 200 000 сом айып пул салынды.

Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча кошумча көрсөтмөлөр берилди.

Департамент курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун камсыздоо боюнча көзөмөлдү туруктуу негизде улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Эмгек министрлигинде кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Эмгек министрлигинде кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

11-сентябрда КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов менен болду. Анын жүрүшүндө министрдин орун басары мекендештер менен кызматташууну мындан ары чыңдоонун, алардын демилгелерин колдоонун жана Кыргызстан менен байланыштарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мекеменин

2026-жылдын 8 айында Социалдык фонд 35 906 пенсиялык ишти карады

2026-жылдын 8 айында Социалдык фонд 35 906 пенсиялык ишти карады

Кыргызстандын Социалдык фонду 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 35 906 пенсиялык ишти карады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кароого пенсиялык иштердин алкагында жарандардын пенсия дайындоо жана буга чейин дайындалган пенсияларды кайра эсептөө боюнча кайрылуулар алынган. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, 2026-жылдын август айында 2 119

Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда орточо 10,2% өстү

Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда орточо 10,2% өстү

Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи акыркы төрт жылда орточо 10,2%ды түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын январь-июль айларында ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 11,1%га жеткен. Президент бул көрсөткүч Борбор Азияда гана эмес, дүйнөдө

Эгемендүүлүктүн 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленет

Эгемендүүлүктүн 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленет

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 36 жылдыгы келерки жылы Нарын облусунда белгиленет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу иш-чарада билдирди. Мамлекет башчысынын катышуусунда Талас шаарында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өттү. Анын алкагында "Тарых изи: жаралуудан келечекке" аттуу театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды. Көрсөтүүдө