Бактынур Абдиева

Сауд Арабиясынын ири бизнеси Кыргызстанга инвестиция салардан мурда жагдайды изилдеп көрүү үчүн келет

Кыргызстандын делегациясы Эр-Риядда 10дон ашык инвестициялык долбоорлорду сунуштап, Сауд Арабиясынын ири компанияларынын өкүлдөрүнүн жооп иретинде Бишкекке конокко келиши макулдашылды. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына караганда, 22-ноябрда Эр-Рияд шаарында КР Инвестициялар боюнча агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов Сауд Арабиясынын инвестиция министринин орун басары Аль-Бадр менен

«Майлуу-Суу лампа заводуна» 400 млн сом бюджеттик кредит берилди

Министрлер кабинети «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКга 400 млн сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда берди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомстводо белгилешкендей, бул карыз минкабдын заводго 1 млрд сомдук ири өлчөмдөгү кредит берүү боюнча чечиминин алкагында берилген. Финансы министрлиги бул долбоорду ишке ашырууга киришти. Эске сала кетсек, 2021-жылдын декабрында

Элдик курултайды өткөрүүгө канча чыгым кетерин бийлик ачык айтпады

Бишкекте 25-26-ноябрга белгиленген элдик курултай Садыр Жапаровдун президенттик мезгилинде биринчи жолу өтөт. Ал боюнча мыйзам кабыл алына элек, бюджетте каражат каралган эмес, бирок уюштуруучулар курултайды өткөрүүгө каражат табышты, деп билдирет Kaktus.media. Садыр Жапаров чакырган алгачкы элдик курултай 25-26-ноябрда өтөт. Бишкектин филармониясында Кыргызстандын бардык аймактарынан 1 миңден ашуун делегат чогулат.

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда арзан турак-жай курууга 100 млн доллар бөлүшү мүмкүн

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда арзан турак-жай куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга 100 млн доллар бериши мүмкүн. Бул тууралуу МИКтин басма сөз кызматы билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания арзан турак жай куруу үчүн инвестиция тартуу боюнча чет элдик инвесторлор менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Сауд өнүктүрүү фондунун (СӨФ) өкүлдөрү

Баткен облусундагы жапа чеккен насыя алуучулардын 438 кредити кечилип же жеңилдетилди

Баткен облусундагы Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен карыз алуучуларга колдоо көрсөтүү максатында каржы-кредиттик мекемелердин карызгерлеринин 438 кредити кечилип же шарттары жеңилдетилди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. 17-ноябрга карата кредиттик уюмдарга 443 карыз алуучу кайрылган. Арыз бергендердин 19.5 млн сомдук 283 кредити эсептен чыгарылып, 36.5 млн

Мигранттар акыркы он жылда Кыргызстанга 23 млрд доллар алып келген

Эмгек мигранттары акыркы он жылда Кыргызстанга дээрлик 23 млрд доллар жөнөткөн. Чет өлкөгө иштегени кеткен кыргызстандыктардан түшкөн каражат Кыргызстанга келген түз инвестициялардан 2.5 эсеге ашты. Мындай маалыматты ЖК төрагасына караштуу Миграция боюнча кеңештин жыйынында кеңештин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман билдирди. Статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы 10 жылда Кыргызстанга түз инвестициянын

«Русатом» Кыргызстанда чакан атомдук электр станциясын куруу долбоорун даярдайт

Россиянын «Русатом Энерджи Проджектc» ААКсы Кыргызстанга чакан атомдук электр станциясын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап берет. Бул макулдашуу боюнча Энергетика министрлиги маалымат берди. Сочиде өткөн «АТОМЭКСПО-2022» эл аралык форумдун алкагында Кыргызстандын энергетика министрлиги менен Россиядагы «Русатом Энерджи Проджект» акционердик коомунун («Росатом») кызматташуусу жөнүндө документке кол коюлду. Макулдашууга ылайык КР Энергетика министрлиги

Түркия кыргызстандыктардын эмгек стажын пенсия эсептөөдө кошо баштады

Түркия эки өлкөнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу боюнча келишимге ылайык, ал жакта жашаган кыргызстандыктардын пенсиясын эсептөөдө Кыргызстанда иштеген эмгек стажын кошуп санай баштады. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун айтымы боюнча, Түркияга иштегени кеткен кыргызстандыктар келечекте ал жактан пенсия ала алышат. Бул укук Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы

Бизнес

50 миң доллар инвестиция алуучу акселерациянын жеңүүчүлөрү жарыяланды

Туруктуу кышкы туризм (WTK) долбоорунун катышуучулары: «Этномир» сувенир дүкөнү, «Дасторкон» кафеси, «А4» муз тебүүчү аянтчасы жана «Жаркыра» тазалоо кызматы 50 миң долларга чейинки инвестицияга сунушталды. Бул тууралуу Accelerate Prosperity демилгесинин басма сөз кызматы билдирди. “Кыргызстанда кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоору (WTK) Accelerate Prosperity менен биргеликте туризм бизнеси боюнча акселерациялык конкурс

Кыргызстан дээрлик бардык негизги азык-түлүк товарларынын импортунан көз каранды

Кыргызстан өзүн азык-түлүктүн эки түрү менен гана – картошка жана сүт менен 100% камсыздай алат. Бул тууралуу Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы билдирди. Кыргызстан өз өндүрүшүнүн эсебинен негизги тамак-аш азыктары менен төмөнкүдөй өлчөмдө камсыз кыла алат: * нан азыктары боюнча – 80% * өсүмдүк майы – 90% * тоок жумурткасы – 40% * кумшекер – 40% * эт – 90% * мөмө-жемиштер

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана VisionLabs компаниясы жарандарды аралыктан таануу долбоорун ишке ашырууда

Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо платформасын түзүүдө. Долбоорду ведомствого караштуу “Инфоком” ишканасы жана VisionLabs жеке компаниясы ишке ашыра турганын министрлик Facebook-тагы расмий баракчасында билдирди. «Инфоком» менен VisionLabs ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Долбоор боюнча Кыргызстанда биометрикалык терминалдар системасы жана калкка мамлекеттик жана финансылык кызматтарды көрсөтүү

КР чек арачылары Россияда санкция салынган контрабандалык товарларды кармашты

Казакстан менен чектеш “Кең-Булуң” өткөрмө пунктунда катталбаган жүктүн ири партиясы табылды. Жүктү алып бара жаткан унаа айдоочусу менен кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, 20-ноябрда Кыргызстандын жараны айдап бара жаткан Volvo жүк ташуучу унаасы “Кең-Булуң” постуна келген. Айдоочу Казакстанга