Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда арзан турак-жай курууга 100 млн доллар бөлүшү мүмкүн

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда арзан турак-жай куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга 100 млн доллар бериши мүмкүн. Бул тууралуу МИКтин басма сөз кызматы билдирди.

Уюмдун маалыматына ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания арзан турак жай куруу үчүн инвестиция тартуу боюнча чет элдик инвесторлор менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Сауд өнүктүрүү фондунун (СӨФ) өкүлдөрү менен сүйлөшүү онлайн режимде өттү.

Онлайн-жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргызстанда турак жайды каржылоо программасы» долбооруна СӨФ каражаттарынан 100 млн доллар бөлүү тууралуу талкуу болду. Бул каражаттарды Кыргызстандын калкы үчүн жеткиликтүү турак жайларды курууга жумшоо пландалып жатат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 100гө жакын кызматкер суу тарифтери боюнча талкууга катышты

Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү