Түркия кыргызстандыктардын эмгек стажын пенсия эсептөөдө кошо баштады

Түркия эки өлкөнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу боюнча келишимге ылайык, ал жакта жашаган кыргызстандыктардын пенсиясын эсептөөдө Кыргызстанда иштеген эмгек стажын кошуп санай баштады. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун айтымы боюнча, Түркияга иштегени кеткен кыргызстандыктар келечекте ал жактан пенсия ала алышат. Бул укук Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу келишими 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө киргенден бери пайда болгон.

Бул келишимдин алкагында түрк тарап кыргызстандыктардын иш стажы жөнүндө 115 сурам жөнөткөн, анын ичинен 62 суроо-талап быйылкы жылдын январь-октябрь айларында түшкөн.

Бардык түшкөн кайрылуулардын 105и каралып чыгып, аларга тиешелүү жооптор берилгенин Социалдык фонд билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 100гө жакын кызматкер суу тарифтери боюнча талкууга катышты

Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү