Бактынур Абдиева

Президенттин Иш башкармалыгы Бишкекте бизнес-борбор курат

Президенттин Иш башкармалыгы Бишкектин Гоголь көчөсүнө бизнес борборун курат. Бул тууралуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында долбоорду ишке ашыруу үчүн жеке өнөктөш издөө боюнча жарыядан белгилүү болду. Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Мамлекеттик курулуштар департаменти» ишканасы тарабынан бизнес-өнөктөш издөө жарыяланган. Ишкана бардык кызыкдар тараптарды “Гоголь көчөсү, №94 дарегинде бизнес-борбор куруу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк

Экономика

MegaCom келерки жылы сатыкка коюлганы жатат

Мамлекеттик мүлк фонду 2023-жылы “Альфа Телеком” ЖАКты (MegaCom уюлдук оператору, мамлекеттин үлүшү – 100%) сатуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына аталган фонддун жетекчиси Мирлан Бакиров билдирди, деп маалымдайт 24.kg. Анын айтымында, учурда уюлдук оператордун наркы 14 млрд 15 млн сомго (КР Улуттук банкынын учурдагы курсу боюнча 165

Казинодо ойногону келгендер Кыргызстанга визасыз киргизилет

Экономика министрлиги Кыргызстанга казинодо ойноо үчүн келген чет элдиктерди визасы жок киргизүүнү сунуштады. Визасыз жүрүү мөөнөтү 15 күндү түзөт. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул өзгөртүүнүн демилгечилери Кыргызстанда казинодо ойноону каалаган чет элдиктерге өлкөдө визасыз жана каттоосуз жүрүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатышат. Кеп Ысык-Көл облусундагы “Каракол” эркин экономикалык аймагынын

Бажы 2023-жылы 95 млрд сом чогултат деп күтүлүүдө - быйыл ал 10 айда 53 млрд араң жыйнады

2023-жылы бажы төлөмдөрү 94.6 млрд сомду түзүшү керек. Келерки жылдын бюджетинин долбоорунда Финансы министрлиги ушундай божомолду берген. Эске сала кетсек, быйылкы жылдын планы боюнча бажы кызматкерлери 98.4 млрд сом чогултушу керек эле, бирок жыйымдар болгону 52.9 млрд сомду түзгөн. Эми бажычылар жок дегенде 75 млрд сом чогултабыз

Бизнес

Жөнү жок текшерүү жана акча жыйноо - бийлик эмнеге бизнести текшерүүгө тыюу салганын түшүндүрдү

2023-жылдын ичинде ишкерлерди жана банктарды текшерүүгө киргизилген мораторий жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарт түзүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын билдирүүсүндө айтылды. Президенттин кеңсеси белгилеп кеткендей, ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө бизнестин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген, калктын жана инвесторлордун, анын ичинде чет элдик инвесторлордун ишкердик активдүүлүгүн төмөндөткөн

Кыргызстандан сыртка 600 млн доллардан ашык валюта агып кетти

Быйылкы жылдын үч кварталында Кыргызстандан акча которуулардын көлөмү 608.8 млн долларга жетти. Мындай маалыматты Улуттук банк берет. Маалым болгондой, валютанын эң көп агылып чыгышы жылдын үчүнчү кварталына туура келип, Кыргызстандан башка өлкөлөргө 363.1 млн доллар которулган. Экинчи чейректе которуулардын көлөмү 154.1 млн долларды түзүп, ал эми биринчи

Кыргызстанда электрондук документтер эми юридикалык мааниге ээ

Минкаб санариптик документтерди кагазга теңеп, Кыргызстандын бүткүл аймагында юридикалык мааниге ээ деп тааныды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Эми КР жарандары “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга электрондук документтерди көрсөтө алышат. Учурда “Түндүк” тиркемесинде төмөнкү документтер бар:

2023-жылы жашоо минимуму болгону 600 сомго көтөрүлүшү мүмкүн

Финансы министрлиги 2023-жылы жашоо минимуму 7.8 миң сомго чейин көбөйөт деп болжолдоодо, бул азыркы деңгээлден 600 сомго көбүрөөк. Бул тууралуу 2023-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунда айтылат. Ведомство 2024-жылы жашоо минимуму 8.4 миң сомдун, ал эми дагы бир жылдан кийин 8.8 миң сомдун тегерегинде болорун болжолдоодо. Ошондой эле,

Мамлекеттик органдар 2023-жылы бизнести жана банктарды текшербейт

2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. Министрлер кабинетине кичи, орто жана ири бизнести, ошондой эле коммерциялык банктарды укук коргоо органдары жана текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар жүргүзө турган текшерүүлөргө убактылуу тыюу салууну

2025-жылга чейин кыргызстандыктардын орточо айлык акысы 29 миң сомдон ашат

Кыргызстанда орточо айлык маяна 2023-жылда 25 миң сомду түзүп, 2025-жылы 29.3 миң сомго чейин жогорулайт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 2023-жылдын бюджети боюнча долбоорунда айтылат. Ведомствонун болжолдоолоруна ылайык, 2023-2025-жылдарга карата калктын кирешесинин өсүүсү уланат: жалпысынан 722.8 млрд сом, 799.1 млрд сом жана 873.3 млрд сомду түзөт. Ал

Экономика

Бийлик жакынкы үч жылда Кумтөрдөн 41 млрд сом түшөт деп күтүүдө

Бийлик 2023-жылдан 2025-жылга чейин Кумтөр кенинен түшкөн салыктын көлөмү 40.9 млрд сомду түзөт деп күтүүдө. Мындай божомолду 2023-жылга карата бюджет долбоорунда Финансы министрлиги берген. Айтылган мезгил аралыгында алтын казуучу компаниялардын кирешесине салык 38.2 млрд сомду түзмөкчү. Жалпысынан алганда 2023-жылы мамлекеттик инвестициялык гранттарды (сырттан келген каражаттар) эсепке алганда, республикалык

Ташиев Талас облусунда дагы бир жаңы УКМК имаратын ачты

Бүгүн, 21-ноябрда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аталган ведомствонун Талас облусунун Кара-Буура районундагы филиалынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Маалым болгондой, атайын кызматтын жаңы курулган бөлүмү кызматкерлерге керектүү заманбап жабдуулар менен жабдылып, иштөө шарттары талапка жооп берет. «УКМКнын төрагасы Кыргызстандын бардык облустарында жана райондорунда УКМКнын кызматкерлерине милдеттерин так аткаруу зарылчылыгы үчүн шарттар