Ташиев Талас облусунда дагы бир жаңы УКМК имаратын ачты

Бүгүн, 21-ноябрда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аталган ведомствонун Талас облусунун Кара-Буура районундагы филиалынын жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Маалым болгондой, атайын кызматтын жаңы курулган бөлүмү кызматкерлерге керектүү заманбап жабдуулар менен жабдылып, иштөө шарттары талапка жооп берет.

«УКМКнын төрагасы Кыргызстандын бардык облустарында жана райондорунда УКМКнын кызматкерлерине милдеттерин так аткаруу зарылчылыгы үчүн шарттар түзүлүп жатканын эскертти», – деп билдирет басма сөз кызматы.

Эске салсак, Ташиев сентябрдын башында Кыргызстанда УКМК үчүн 50гө жакын жаңы имарат курулганын билдирген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 100гө жакын кызматкер суу тарифтери боюнча талкууга катышты

Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү