Экономика
Кытайлык SHACMAN “ТНК “Шумкар” менен биргелешкен цехти ишке киргизет
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайда болгон жумуш сапарынын алкагында, Shaanxi Jixin Industrial Co., Ltd. (SHACMAN) компаниясынын жогорку жетекчилиги менен жолугуп, автомобиль жабдууларын чыгаруу жана тейлөө жаатында кызматташуунун келечеги тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу минкаб билдирди. Жолугушууда Кытай менен Кыргызстан өнүгүүнүн жалпы баалуулуктарына, саясий, соода-экономикалык кызматташтыкка, анын ичинде