Финансы министрлиги ишкерлерге пайызсыз насыя алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди

Финансы министрлиги ишкерлерге пайызсыз насыя алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди

Финансы министрлигинин Кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева Коомдук тамактануу ишканалары ассоциациясынын өкүлдөрү менен, тактап айтканда, «Кыргыз коомдук тамак-ашы» коомдук бирикмесинин башкы директору Анатолий Деревинский менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Финансы министрлигинин өкүлдөрү “Микро, кичи жана орто бизнести ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында мамлекеттен кайтарымсыз каржылык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Мусакожоева коомдук тамактануу, соода жана өндүрүш тармагындагы ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүнө кеңири токтолуп, ошондой эле Финансы министрлиги чакан жана орто бизнести салыктан карызы жок жана 6 айдан кем эмес иштеген ишкерлеге колдоо көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Коомдук тамактануу ишканаларынын ассоциациясынын мүчөлөрү долбоордун алкагында күрөө, каржылоо багыттары жана коммерциялык эмес бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөр боюнча суроолорду узатышты. Финансы министрлигинин өкүлдөрү кеңири жоопторду берип, кайтарымсыз каржылык колдоо алуу боюнча кеңеш беришти.

Read more

Шылуундарды  кантип таануу боюнча Улуттук банктын кеңештери

Шылуундарды кантип таануу боюнча Улуттук банктын кеңештери

Акыркы убакта Кыргызстанда банк тармагында алдамчылык фактылары көп катталууда. Кыргызстандыктар социалдык тармактарда, телефон аркылуу же мессенджер аркылуу алданууда. Алдамчылыктын курмандыктары акчасы уурдалгандан кийин гана билишет. Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү Economist.kgге каржы тармагындагы алдамчылыктын түрлөрү тууралуу айтып берди, бул жарандардын сергек болушуна жардам берет. Банк тармагында алдамчылыктын кандай

Экологиялык диалог: «Альянс Алтын» эко долбоорлорду колдоону улантат

Экологиялык диалог: «Альянс Алтын» эко долбоорлорду колдоону улантат

Талас облусунда экологияга өзгөчө көңүл бурулат. Талас шаарында 2024-жылдын 19-апрелинде «Альянс Алтын» компаниясы «Экологиялык диалог: келечекке көз караш» аттуу тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Алсак, тегерек столго Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн өкүлдөрү, экологдор, окумуштуулар, студенттер, суу чарба, өзгөчө кырдаалдар, мамлекеттик жана өкмөттүк уюмдардын адистери,

Ишенимдүүлүктүн жана коопсуздуктун жогорку даражасы –кыргыз сомунун аброю жөнүндө

Ишенимдүүлүктүн жана коопсуздуктун жогорку даражасы –кыргыз сомунун аброю жөнүндө

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгында жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 201.8 млрд сомдон ашты. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу сумма 24.6 млрд сомго же 14.6%га өскөн. Мындай акча массасын жүгүртүү үчүн жасалма акча жасоочулардан жакшы коргоо керек. Кыргызстандын улуттук валютасы сом бардык заманбап стандарттарга жооп берет. Улуттук

Яндекс Go самокаттары Кыргызстанда иштей баштады

Яндекс Go самокаттары Кыргызстанда иштей баштады

Эми Бишкектин жашоочулары Яндекс Go тиркемесинен электр самокаттарды ижарага ала алышат. Самокатты ээлеп койгондон кийин ага чейин жетүү үчүн колдонуучулар 10 мүнөт акысыз убакыт ала алышат. Сапардын баасы бир мүнөткө 8 сомдон башталат. Төлөм Яндекс Go тиркемесине байланган картадан алынат. Ыӊгайлуу болсун үчүн 1 же 6 айга - 150 жана