Бизнес
Бишкектин мэриясы ишкерлерди мектепке чейинки балдар мекемелерин курууга чакырат
Бишкек шаарынын мэриясы МЖӨ борбору менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми боюнча мектепке чейинки мекемелерди куруу боюнча МЖӨ долбоорун ишке киргизүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 16-майындагы №91-б. буйругу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында мектепке чейинки балдар мекемелерин долбоорлоо жана куруу үчүн жер тилкелери аныкталган.