Нарын облусундагы Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолуна асфальт төшөлүүдө
![Нарын облусундагы Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолуна асфальт төшөлүүдө](/content/images/size/w1200/2023/08/1046246660_0_123_2886_1754_2072x0_60_0_0_9c03b7b98ee210961e80cc72af39904d.jpg)
Нарын облусундагы Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жеринде «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №957 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын тартылган техникалар иштеп жатышат.
Быйыл жалпы 14 чакырымды түзгөн Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолунун 3 чакырымын асфальттоо каралган. Жумуштар июнь айында башталып, алгач жер иштери жүргөн. Азыркы тапта асфальт төшөө жумуштары башталып, 300 метрдей жол жасалды.
Бул жерде иштер жыйынтыкталган соң, Калинин-Жаңы-Күч айылдарынын ортосуна (3 чакырым) асфальт төшөө жумуштары башталат.
![](https://im.kg/content/images/2023/08/364119990_598474229127994_7491947324762359818_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/08/364135091_598474219127995_8464977513299351320_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/08/364135895_598474245794659_2913715105922270020_n.jpg)