Кыргызстан ЕАЭБдин 44 жаранына пенсия чектеди

Кыргызстан ЕАЭБдин 44 жаранына пенсия чектеди

2021-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген. Бул тууралуу Соцфонд эскертти.

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Учурда Соцфонддун тарабынан 44 жаранга пенсия чектелди, анын 36сы Россиянын, 7си Казакстандын жарандары жана Беларусь мамлекетинин 1 жаранынан.

Ошондой эле Россия Кыргызстандын 17 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды