
Экономика
Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды
Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Такталгандай, КРда инфляциянын жылдык көрсөткүчү 2024-жылдын февраль айында 2023-жылдын декабрындагы 7.3% деңгээлинен 5%га чейин төмөндөгөн. Азык-түлүк товарларына баанын өсүшү мурдагыдай эле басаңдоосун улантууда, ал эми азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын төмөндөөсү кыйла жай тенденцияны көрсөтүүдө.