Папан суу сактагычына ГЭС курууга инвесторлор чакырылат

Папан суу сактагычына ГЭС курууга инвесторлор чакырылат

«Чакан ГЭС» ААК кубаттуулугу 25 МВт болгон Папан суу сактагычынын дамбасына кичи ГЭСти куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн процедурасына чакырат. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору билдирди.

Такталгандай, долбоордун инвестициялык суммасы болжол менен 27 млн долларды тузөт. Инвестицинын акыркы суммасы ыйгарым укуктуу орган бекиткен долбоордук-сметалык документтерге ылайык аныкталат.

Сынакка катышууну каалагандар квалификациялык тандоо арызы менен конвертти 2024-жылдын 11-марты саат 16:00гө чейин Чүй облусу, Аламүдүн району, ГЭС-3 айылы, Суворова көчөсү, 113 дареги боюнча тапшырса болот. .

Долбоорго байланыштуу суроолор боюнча МЖӨ борборуна кайрылууга болот. Дареги: Бишкек шаары, Исанов көчөсү №87, кабат, 310-кабинет, тел.: +996 (312) 61 11 29.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды