Коом
Бажынын инспектору коррупциялык схеманы уюштурган үчүн кармалды
Бажы кызматынын алдындагы «Автомобильный» Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор Ж.у.М. кармалган. Бул тууралуу УКМК билдирди. Жогорудагы кызматкер «Автомобильный» бажылык тариздөө жеринде мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды. Кармалган адам УКМКнын