Лотереянын катышуучуларына ID-номерлерди ыйгаруу токтотулду – Салык кызматы

Лотереянын катышуучуларына ID-номерлерди ыйгаруу токтотулду – Салык кызматы

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын шарттарына ылайык, байгелер ойнотулуучу күндөрү ID-номерлерди ыйгаруу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Бирок лотереянын катышуучулары кассалык чектерди сканерлей алышат. 26-июндан 30-июнга чейин сканерден өткөн кассалык чектерге ID номерлер 1-июлда сизге башкы байгени утууга көбүүрөк мүмкүнчүлүк бериш үчүн 30-июндан 1-июлга караган түнү ыйгарылат.

«26-июндан 30-июнга чейин 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 20 фен ойнотулат. Тактап айтканда, күн сайын 234 адам баалуу байгелердин ээси болушат. Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы 14.00», - деп мекеме белгиледи.

Негизги иш-чара 1-июлда «Ала-Тоо» аянтында өткөрүлүп, 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат. Утуштар эстрада жылдыздарынын катышуусунда кызыктуу шоу-концерт менен коштолот.

Read more

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластык жаш ишкер Бермет Мусаевага жеңилдетилген пайыз менен насыя берилди жана «Хонда стрим» үлгүсүндөгү автоууна гранттык түрдө тапшырылды. Каражат «Альянс Алтын өнүктүрүү фондунан» жумшалды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди. Ишкер айымга колдоо көрсөтүүгө «Альянс Алтын өнүктүрүү фондуна» республикалык «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк» коомдук фондунан кайрылуу түшкөн. Аталган кайрылууну

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, шылуундар WhatsApp аркылуу билдирүүлөрдү таратып, өздөрүн «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору же кызматкери катары тааныштырышууда. Алтын сатып алууну же компаниянын атынан каржылык операцияларга катышууну сунушташууда. «Булар алдамчылар! Ишенбеңиз! «Альянс Алтын» ЖЧКсы жеке адамдарга алтын сатпайт жана мессенджерлер аркылуу

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы Кыргызстандын экинчи ири алтын өндүрүүчү «Алтын Альянс» компаниясы өлкө бюджетине 9.3 млрд сом салык которду, анын ичинде декабрда 883 млн сом. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Компаниянын маалыматы боюнча, 2015-жылы долбоор башталгандан бери компаниянын жалпы салык төлөмдөрү 24.3 млрд сомдон ашты. Көрсөтүлгөн мезгилде Талас алтын кен

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери жана инженердик кызматкерлери үчүн окуу курстары иштелип чыгат. Бул тууралуу КРСУ менен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын ортосундагы 2024–2026-жылдарга кызматташуунун жол картасын түзүү учурунда белгилүү болду. Ишкананын маалымат кызматы белгилегендей, Жол картасы билим берүү, илим жана кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт. Анын максаты