Түркия жарандарына жардам үчүн 103.8 млн сом чогулду
2023-жылдын 14-мартына саат 10.00 Түркияда зилзаладан жабыр тарткан жарандары үчүн ачылган атайын эсеп 103.8 млн сомго толукталды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат. Банк: «Айыл Банк» ААК ИНН: 01803199710084 БИК: 135001