Бишкектен Анталияга каттамдардын жыштыгы күн сайынга чейин көбөйөт

Бишкектен Анталияга каттамдардын жыштыгы күн сайынга чейин көбөйөт

Апрель айынан тарта Бишкектен Түркиянын Анталия жана Кытайдын Сиань шаарларына каттамдардын саны көбөйөт. Бул багыттарга жаңы чет элдик жүк ташуучулар кирип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 15-апрелден тарта Анталия-Бишкек багыты боюнча каттамдарды ачуу бекитилди. Каттамдар түрк Southwind Airlines тарабынан ишке ашырылат.

Airbus A-321 учактары ​​жумасына эки жолу: жума жана жекшемби күндөрү учат.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк айланма жолу 6 тилкелүү болот

Түндүк айланма жолу 6 тилкелүү болот

12-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Бишкектин Түндүк айланма жолунун курулушу менен таанышты. Долбоордун аткарылышы жана курулуштун сапаты тууралуу  Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев маалымат берди. Долбоордо каралган жолдун жалпы узундугу - 33,4 чакырымды түзөт. Учурда Алматы - Бишкек

Адылбек Касымалиев көчмөндөр оюндарына карата даярдыктарды текшерди

Адылбек Касымалиев көчмөндөр оюндарына карата даярдыктарды текшерди

13-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барды. Сапардын негизги максаты масштабдуу эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө инфраструктуралык жана маданий объектилердин даярдыгын текшерүү болду. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, инспекциянын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Кырчын капчыгайына

Түндүк – Түштүк жолуна тоо көчкүсү түштү

Түндүк – Түштүк жолуна тоо көчкүсү түштү

12-майда саат 15:30 чамасында Түндүк - Түштүк  альтернативдик унаа жолунун 241,5 чакырымында тоо көчкүсү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге №24 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат.  Ушу тапта инженердик техникалар тартылып, жолду ыкчам тазалоо иштери

Эмгек мигрантына 1,3 млн рубль карызы өндүрүлүп берилди

Эмгек мигрантына 1,3 млн рубль карызы өндүрүлүп берилди

Кыргызстандын жаранына Эмгек министрлигинин көмөгү менен 1,3 миллион рублдан ашык эмгек акы карызы төлөнүп берилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын жараны Н.Т.нын эмгек укуктарын коргоого жана эмгек акы боюнча карызын өндүрүп алууга көмөк көрсөттү.