Бишкекте беш алмашуу бюролорунун лицензиялары токтотулду – даректер

Бишкекте беш алмашуу бюролорунун лицензиялары токтотулду – даректер

Улуттук банк КР мыйзам талаптарын жана КРУБ ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн беш алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракетин токтотту.

Баардык бюролор Бишкекте жайгашкан: 

  • 2023-жылдын 12-мартынан тартып 16-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына: Киев көчөсү, 93-үй, 18-батир дареги боюнча жайгашкан КЖК Ломбард «Престиж-Кредит» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 3-июнундагы № 6139 лицензиясы; 
  • 2023-жылдын 12-мартынан тартып 21-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына: Ден-Сяопин проспекти, 10-үй, 23-батир дареги боюнча жайгашкан «Азирет кей джи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 29-августундагы № 6346 лицензиясы; 
  • 7-кичирайону, 37/2, «Сеул Плаза» соода борбору, 01-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Азия Трэвэл» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 6394 лицензиясы; 
  • Жукеев-Пудовкин көчөсү, 146/2, 7-павильон дареги боюнча жайгашкан «Алмашуу бюро «Аника» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 19-апрелиндеги № 6280 лицензиясы; 
  • Кожевенная көчөсү, 19 б, «Кербен» базары, №9 соода катары, №69 контейнер дареги боюнча жайгашкан «Кербен-Нур» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 28-майындагы № 6136 лицензиясы. 

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи