
Бийлик
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11.88 чакырымы макулдашылды
Тажикстандын Бустон шаарында 2023-жылдын 17-декабрынан 23-декабрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11.88 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар КРнын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда