400дөн ашуун кыргызстандык 50 миң сомдон ашык пенсия алат

400дөн ашуун кыргызстандык 50 миң сомдон ашык пенсия алат

Кыргызстанда 400дөн кем эмес адам 50 миң сомдон ашык пенсия алат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Алиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата пенсия алуучулардын саны 765.8 миң адамды түзөт. Алардын 23%ы «Кыргыз почтасынын» филиалдарынан пенсия алышат. Калган пенсионерлер коммерциялык банктар аркылуу акча алышат.

«Кыргызстанда 400дөн ашык адам 50 миң сомдон жогору пенсия алат», - деди ал.

Ошол эле учурда Соцфонддун жетекчиси Кыргызстандагы эң жогорку пенсиянын өлчөмүн тактаган жок.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Баткендеги селдин кесепетин жоюу боюнча тапшырма берди

Президент Баткендеги селдин кесепетин жоюу боюнча тапшырма берди

Президент Садыр Жапаров 19-22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун аймактарында жүргөн селдин кесепеттеринен толук кабардар. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка таянсак, Мамлекет башчысы тийиштүү мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына кырсыктын кесепеттерин ыкчам түрдө жоюу, жабыркаган тургундарга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү боюнча чукул тапшырмаларды

“Кепилдик фондго” 10 жыл: 20 миңден ашуун ишкерге колдоо көрсөтүлдү

“Кепилдик фондго” 10 жыл: 20 миңден ашуун ишкерге колдоо көрсөтүлдү

«Кепилдик фонд» ачык акционердик коомунун түзүлгөнүнө 10 жыл болду. Бул аралыкта мекеме өлкөдө ишкерликти колдоонун маанилүү инструменттеринин бирине айланып, миңдеген ишкерлердин каржылоого жетүүсүнө көмөк көрсөтүүдө. Фонддун маалыматына ылайык, 10 жыл ичинде 22 миңге жакын ишкер кепилдик колдоого ээ болгон. Жалпы суммасы 20 млрд 131 млн сомдон ашык кепилдик берилип, анын

Манас аба майданынан Манас айылына чейинки жол жабылат

Манас аба майданынан Манас айылына чейинки жол жабылат

“Манас” аба майданынын аймагындагы жол инфраструктурасын оңдоп-түзөөнүн биринчи этабынын алкагында 23-июндан 1-июлга чейин узундугу 8 чакырым болгон тилкеде – “Манас”  аба майданынан Манас айылына чейин автотранспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу чектелет. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чектөөлөр жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле оңдоп-түзөө

Эл аралык уюмдар Кыргызстандын суу тармагына 172 млн доллар бөлөт

Эл аралык уюмдар Кыргызстандын суу тармагына 172 млн доллар бөлөт

Эл аралык каржы уюмдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр Кыргызстандын сугат тутумун жаңылоо үчүн жалпысынан 172 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу "The Times of Central Asia" басылмасы жазды. Маалыматка ылайык, каражат өлкөдөгү сугат каналдарын жана ирригациясын жакшыртууга багытталат. Долбоор суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, дыйкандарды сугат суу менен туруктуу камсыз