Садыр Жапаров иш сапар менен Россияга жөнөп кетти – делегациянын курамы

Садыр Жапаров иш сапар менен Россияга жөнөп кетти – делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Санкт-Петербург шаарында мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана КМШгине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия Экономикалык Бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Мындан тышкары, жыйындын алкагында Иран менен ЕАЭБтин эркин соода аймагы жөнүндө Макулдашууга кол коюу күтүлүүдө. 

КМШга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2023-жылы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары чыгарылат, келечекке карата негизги милдеттер аныкталып, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

·         министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

·         тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

·         президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

·         Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат;

·         экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media