Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11.88 чакырымы макулдашылды

Тажикстандын Бустон шаарында 2023-жылдын 17-декабрынан 23-декабрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11.88 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар КРнын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда

Чынгыз Керимбеков
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11.88 чакырымы макулдашылды

Тажикстандын Бустон шаарында 2023-жылдын 17-декабрынан 23-декабрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11.88 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар КРнын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Чынгыз Керимбеков

По теме