
Бийлик
Депутаттар ФОМСтун бюджетин экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришти
Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2024-2025- жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамы каралды. Депутаттардын суроолоруна саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жооп берди. Мыйзам долбоорлорун талкуулоо учурунда депутат Сүйүнбек Өмүрзаков милдеттүү медициналык камсыздандыруу (МКК) жаатындагы маселелерге көңүл буруп, калк арасында МКК