
Коом
Кара-Кулжада 120 орундук бала бакча курулат – сметалык баасы 62 млн сомду түзөт
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Кулжа айыл аймагынын Бий-Мырза айылында жайгашкан “Парчабү эне” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди. Анда архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат берди. Ал билдиргендей, учурда иштеп жаткан бала бакчанын