2023-жылы карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 838 миң тоннаны түздү
![2023-жылы карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 838 миң тоннаны түздү](/content/images/size/w1200/2023/12/64b1ee0a6df547f109fbfc8016fec0c2.jpg)
Үстүбүздөгү жылдын 11 айына карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 838 183 тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Импорт боюнча негизги карантинге алынган продукциялар:
· дан өсүмдүктөрү – 225 976 тонна;
· техникалык өсүмдүктөр – 60 447 тонна;
· жаңгак – 133 778 тонна;
· жемиштер – 40 749 тонна;
· көчөттөр – 14 579 777 даана;
· жашылчалар – 74 259 тонна;
· бакча өсүмдүктөрү – 35 611 тонна;
· цитрус жана башка тропикалык жемиштер – 29463 тонна.