Өзгөн районунда көмүр саткандарга айып пул салынды
![Өзгөн районунда көмүр саткандарга айып пул салынды](/content/images/size/w1200/2023/12/408758003_293946866971066_2106990504000783275_n-1.jpg)
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Өзгөн районунда көмүр баасына мониторинг жүргүздү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Өзгөн районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7,3 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди.
Андан сырткары, Өзгөн районунун Өзгөн шаарында 3 көмүр сатуучу жайга белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтын жоктугу (илбегендиги) үчүн 1000 сомдон айып пул салынды.
![](https://im.kg/content/images/2023/12/408758003_293946866971066_2106990504000783275_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/12/406744296_293947053637714_192207464907590202_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/12/406706380_293947010304385_1747799970084154798_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/12/406732957_293946930304393_5073453280445487792_n.jpg)