Экономика
2024-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияга 1 млрд сом бөлүнөт – өкмөттүн убадасы
2024-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияга 1 млрд сом бөлүнөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖКнын жыйынында билдирди. “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2020-жылы 480 млн сом гана болчу. Бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталы 13.5 млрд сомго жеткирилди. МИК боюнча мамлекеттик саясатты өзгөрттүк: наркы арзан жана элге жеткиликтүү рыноктук шарттарда өзүбүз