Кыргызстанда бош жумуш орундар жарманкеси өткөрүлдү

Кыргызстанда бош жумуш орундар жарманкеси өткөрүлдү

2023-жылдын 22-ноябрында Ош, Джалал-Абад, Кызыл-Кыя, Каракол, Нарын жана Талас шаарларында  бош жумуш орундардын жана кесиптердин жарманкелери болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманке JIA бизнес-ассоциациясы менен биргеликте Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун  (GIZ) колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарада мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар жарандарга 6 миңден ашуун бош орундарды сунушташты. Ага өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактардан 190дон ашык ишканалар катышышты.

Бул иш-чаранын максаты - жумуш издөөчүлөрдү ийгиликтүү ишке орноштуруу жана бүтүрүүчүлөр үчүн кесип тандоо. Мындай иш-чаралар окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн жана жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү максатында жыл сайын Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп келет.

Ошондой эле, 29-ноябрда, Бишкек шаарынын тургундары үчүн бош жумуш орундардын жарманкеси Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогулда 4 айылга 732 миң сомдук электр жабдуулары берилди

Токтогулда 4 айылга 732 миң сомдук электр жабдуулары берилди

Токтогулдун 4 айылында жаңы көчөлөргө жарык тартуу үчүн электр жабдуулары сатып алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка караганда, Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын атайын эсебинин дирекциясы тарабынан жабдуулар мэриянын балансына өткөрүлүп берилди. Сатып алынгандар: • СВ-95 темир-бетон мамыча - 40 даана • 0,4 кВ траверса - 80 даана • ТФ-

Ишкер Media
Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды

Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыктарына ылайык, Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары кызматын ээлеп келген. Президенттин тескемесине ылайык, Айзада Субакожоева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу аталган агенттиктин башчысынын орун басары кызматынан

Ишкер Media
Токтогулда асфальт төшөөгө 36 млн сом бөлүндү

Токтогулда асфальт төшөөгө 36 млн сом бөлүндү

Токтогул районунда Бууракан-Үч-Терек жергиликтүү жолунун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Токтогул райондук администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жол Элмирбек Иманалиев айыл аймагына карайт. Оңдоо республикалык бюджеттен каржыланып, долбоордун баасы 36 миллион сомду түзөт. Ишти №30 Жол эксплуатациялоо ишканасы жүргүзүүдө. Жумушчулар белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу

Ишкер Media
2027-жылдын 1-июлунан кыргызстандыктар Казакстанга кирүү үчүн электрондук уруксат алуу керек

2027-жылдын 1-июлунан кыргызстандыктар Казакстанга кирүү үчүн электрондук уруксат алуу керек

2027-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстандын жарандары Казакстанга кирүү үчүн электрондук уруксат алышы керек болот. Ага чейин уруксаттын жоктугу өлкөгө кирүүдөн баш тартууга негиз болбойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда киргизилчү жаңы талаптар боюнча алдын ала маалыматка таянып билдиргендигин Еconomist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Казакстан өкмөтүнүн 2026-

Ишкер Media