Акылбек Жапаров президенттин жетекчилиги астында экономиканын болуп көрбөгөндөй өсүшү тууралуу айтып берди

Акылбек Жапаров президенттин жетекчилиги астында экономиканын болуп көрбөгөндөй өсүшү тууралуу айтып берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, 2022-жылга республикалык бюджеттин  аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча отчетту кароонун алкагында, Жогорку Кеңештин жыйынында баяндама жасады.

Министрлер кабинетинин башчысы 2010-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын ИДПсы 419.3 млрд сомго өскөнүн, ал эми акыркы үч жылда, 2021-2023-жылдары өсүш 439 млрд сомду түзгөнүн белгиледи. 

Калктын жан башына ИДП доллар менен эсептегенде былтыр 1665 доллар болсо, 2023-жылы 1900 долларга жеткен. Ал эми акыркы үч жылда калктын жан башына ИДП 669 долларга өссө, 2010-2020 жылдар аралыгында өсүү 311 доллар болгон. 

Бул сандар экономикалык өсүштү айкын көрсөтүп турат, ошол эле учурда Акылбек Жапаровдун айтымында, «бул жетишкендиктер келечекте коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтыйт жана калктын реалдуу турмуш деңгээлин олуттуу жогорулата турган мындан да чоң өсүштөрдү көрсөтөт».

Мындан тышкары окуңуз

DemirBank эл аралык каржылоону ишке ашырды: Өзбекстандагы бизнеске колдоо көрсөтүлдү

DemirBank эл аралык каржылоону ишке ашырды: Өзбекстандагы бизнеске колдоо көрсөтүлдү

18-июнда DemirBank Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын (Risk Sharing Facility – RSF) алкагында Өзбекстандын “Ozone Fitness” ЖЧКсы менен кредиттик келишимге кол койду. Тартылган каржылоо каражаттары Ташкент шаарындагы “Ozone Fitness” ЖЧК фитнес борборлор тармагынын жаңы объекттерин курууга жана иштеп жаткан борборлорун модернизациялоого багытталат. Компания Өзбекстандагы фитнес-индустриянын

Нарында стадион 326 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Нарында стадион 326 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Президент Садыр Жапаров 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Президент өз сөзүндө облустун негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, мамлекеттин бюджеттик мүмкүнчүлүктөрү туруктуу өсүп жатканын, аймактарды каржылоо көлөмү көбөйгөнүн, ошондой эле

Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу 24-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, депутаттар кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, президенттик шайлоону өткөрүү күнү боюнча жобо өзгөртүлдү. Буга чейин шайлоо январдын акыркы жекшембисине белгиленсе, эми акыркы шаршембисинде өткөрүлөт. Маматалиев мындай өзгөртүү элдин

Бишкектин мэри Лондондо өткөн инвестициялык жыйынга катышты

Бишкектин мэри Лондондо өткөн инвестициялык жыйынга катышты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын чакыруусу менен 22–23-июнда Лондондо өткөн "Жашыл шаарлар" программасынын инвестициялык жыйынына катышты. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, иш-чара "Эртеңки күнгө инвестиция салуу: баарына жеткиликтүү жашыл жана туруктуу шаарларды калыптандыруу" деген ураан алдында өттү.