Мелис Совет уулу

Бишкек
Өлкөгө миллиондогон инвестиция тартып, SoftBank, Google жана Y Combinator'ду багындырган кыргызстандыктар

Бизнес

Өлкөгө миллиондогон инвестиция тартып, SoftBank, Google жана Y Combinator'ду багындырган кыргызстандыктар

Глобалдык жана регионалдык деңгээлде азыркы мезгил стартаптарды түзүү жана венчурдук инвестицияларды өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу учурлардын бири болуп саналарын ЦАРЭС технологиялык форумунда Кыргызстандагы стартап-акселератордун башкы директору Даниэль Абдылдаев билдирди. Ал фаундерлерди үч топко бөлдү: борбордук азиялыктар, гибриддер жана юникорндар. Кыргызстандык Эркин Адылов дүйнөдөгү эң ири венчурдук фонддордун бири SoftBank

Бишкекте жер мунапысы боюнча 37 арыз каралды

Кыймылсыз мүлк

Бишкекте жер мунапысы боюнча 37 арыз каралды

Бишкекте жер мунапысынын алкагында иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштерди жүргүзүүдө. Комиссия тарабынан 37 материал каралып, ар бири боюнча тиешелүү чечим кабыл алды.

Кытайдын Фошань шаарында ар 30 мүнөттө робот чыгара турган завод иштей баштады

Экономика

Кытайдын Фошань шаарында ар 30 мүнөттө робот чыгара турган завод иштей баштады

Кытайдын Гуандун провинциясындагы Фошань шаарында адам сымал роботторду чыгарган биринчи толук автоматташтырылган завод иштей баштаганын Kazinform маалымдады. Анда белгиленгендей, долбоор Guangdong Dongfang Precision жана Leju Robotics компаниялары тарабынан ишке ашырылып, өндүрүштү сыноо стадиясынан толук заводдук деңгээлге чейин өткөрүүгө багытталган. Жаңы линиянын жардамы менен ишкана ар 30 мүнөт сайын бирден гуманоид

Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды

Экономика

Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды

Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун Калк фондусу (ЮНФПА) тарабынан берилген мисопростол дары каражатын алды. Бул жардам энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого, ошондой эле аялдар үчүн сапаттуу медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү: * 350 миң таңгак (ар биринде 4 таблеткадан) * жалпы суммасы 18,4 млн сом Мисопростол маанилүү

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Саясат

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Аяктаган кылмыш иштери жана соттук териштирүүдөн баш тартылган иштерден келтирилген зыяндын жалпы суммасы 70 млрд 680 млн сомду түзгөнүн башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бардык каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке кайтарылды. "Кайтарылган каражаттын анча чоң эмес бөлүгү улуттук коопсуздук органдары тарабынан иликтенген иштерге

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

Кызыктуу

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу айдоочулар туура эмес жерге токтотулуп, эвакуацияланган автоунаасынын жайгашкан жерин реалдуу убакыт режиминде билишерин Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Тиркеме аркылуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөр бар: * автоунааны тез табуу; * атайын айып токтотмо жайынын дарегин картадан көрүү; * эвакуация кызматынын байланыш маалыматтарын алуу. Автоунаанын

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Экономика

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Кытайдан товарларды ташып келүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. Жеке ишкана Бишкек ЭЭЗдин “Ак-Чий” тилкесине Кытайдан товарларды ташып келүү учурунда декларацияда жалган маалыматтарды көрсөткөн. Бажылык текшерүүдө жүктүн кошумча документтеринде көрсөтүлбөгөн товарлар, анын ичинде аккумулятордук батарейкалар, электроскутерлер үчүн генераторлор жана чынжырлуу дөңгөлөктөр табылган. Ошондой эле декларацияланган

"Кыргызстан – Борбор Азиянын энергетикалык борбору – А.Сохикян

Энергетика

"Кыргызстан – Борбор Азиянын энергетикалык борбору – А.Сохикян

Кыргызстан — Борбор Азиянын энергетикалык борбору экенин “Гидроэнергетика — Борбор Азия жана Каспий” эл аралык конгрессинде “Русгидро” ишканасынын эл аралык кызматташтык жана туруктуу өнүгүү боюнча директору Артем Сохикян билдирди. Ал Кыргызстан менен Россиянын энергетика тармагындагы кызматташтыгы протоколдордон же меморандумдардан эмес, эбегейсиз эмгектен жана эрктүүлүктөн башталганын белгиледи. “1960-жылдары Ленинград институтунун Нарындын кууш

Туюк чакан ГЭСи ушул айда иштеп баштайт

Энергетика

Туюк чакан ГЭСи ушул айда иштеп баштайт

Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагында жайгашкан Туюк чакан ГЭСинин курулуш иштери бекитилген графикке ылайык толугу менен аяктаганын Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Учурда объектте акыркы даярдоо жана техникалык текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аны расмий түрдө ишке берүү жана электр энергиясын өндүрүп баштоо ушул айда башталат. “Аталган долбоорду ишке ашыруу

Россиянын күйүүчү май рыногундагы абал жакшы эмеспи?

Экономика

Россиянын күйүүчү май рыногундагы абал жакшы эмеспи?

Аналитиктердин пикиринде, 1-апрелден тарта киргизилген экспортко тыюу Россиянын күйүүчү май рыногундагы абалды толук турукташтыра албайт. Анткени кошумча күйүүчү май көлөмдөрү мунайды кайра иштетүүчү заводдордун токтоп калуусуна байланыштуу "жутулуп кетерин" "Компания Уфаойл" аналитикалык тобу билдиргенин Коммерсантъ жазды. Тыюу күн сайын өлкө ичинде кошумча 6–7 миң

"Нарын" ЭЭАсы WFZO уюмуна толук кандуу мүчө болду

Экономика

"Нарын" ЭЭАсы WFZO уюмуна толук кандуу мүчө болду

"Нарын" эркин экономикалык аймагы World Free Zones Organization уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, добуш берүү укугуна ээ болгонун президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына ылайык, бул кадам Кыргызстандын эл аралык инвестициялык аренадагы позициясын бекемдөөгө жана глобалдык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө маанилүү салым

УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине 386 арыз түшкөн

Коом

УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине 386 арыз түшкөн

Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укуктук тартип, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы комитетинин жыйынында УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча 386 арыз түшкөнүн билдирди. Ал бул тууралуу депутат Нурбек Сыдыгалиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Депутат ишкерлер УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине, тактап айтканда, мүлктү күч менен тартып алуу