Кытайдын Фошань шаарында ар 30 мүнөттө робот чыгара турган завод иштей баштады

Кытайдын Фошань шаарында ар 30 мүнөттө робот чыгара турган завод иштей баштады

Кытайдын Гуандун провинциясындагы Фошань шаарында адам сымал роботторду чыгарган биринчи толук автоматташтырылган завод иштей баштаганын Kazinform маалымдады.

Анда белгиленгендей, долбоор Guangdong Dongfang Precision жана Leju Robotics компаниялары тарабынан ишке ашырылып, өндүрүштү сыноо стадиясынан толук заводдук деңгээлге чейин өткөрүүгө багытталган. Жаңы линиянын жардамы менен ишкана ар 30 мүнөт сайын бирден гуманоид робот чыгара алат. Жылдык өндүрүш көлөмү 10 миңден ашуун даананы түзөт.

Өндүрүш процесси 92% автоматташтырылган жана 20дан ашык заманбап технологияны, анын ичинде компьютердик көрүү системаларын камтыйт. Тетиктерди чогултуу учурундагы тактык 0,02 ммге чейин жетип, сапаттын жогорку деңгээлин камсыз кылат.

Бул долбоор Гуандун провинциясын робот техникасынын маанилүү борбору катары өнүктүрүүдө. 2025-жылы Фошань шаарында өндүрүлгөн роботтордун саны 29,6%га өсүп, 46 миңге жеткен.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды

Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында кызматташат

Кыргыз балын Сауд Арабия рыногуна экспорттоо маселеси көтөрүлдү

Улуттук банк 12 алмашуу бюросуна 55 миң сомдон айып салды