Мелис Совет уулу

Бишкек
Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Экономика

Ак-Суу районунда быйыл кандай өсүмдүктөр эгилет?

Ысык-Көл облсунун Ак-Суу районунда жалпы 45 977 гектар айдоо жери бар. Быйыл айон боюнча: 12656 гектар жерге арпа, 12510 гектар жерге жаздык буудай, 1672 гектар жерге күздүк буудай, кара күрүч 13 гектар, буурчак 61 гектар, сулуу 27 гектар, чанактуу өсүмдүктөр 26939 гектар, дары чөп 58 гектар, картошка 7278

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруудан бюджетке 350 млн сом түшпөй калды

Транспорт

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруудан бюджетке 350 млн сом түшпөй калды

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча акциянын натыйжасында мамлекет болжол менен 350 млн сом кирешеден кур калды. Ошол эле учурда жарандарга 378 миң жаңы күбөлүк бекер берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, акция 15-январда башталып, 31-мартка чейин уланган.

Депутат "Балага сүйүнчүнү" 10 миң сомго көтөрүүнү демилгеледи

Коом

Депутат "Балага сүйүнчүнү" 10 миң сомго көтөрүүнү демилгеледи

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул Кыргызстанда төрөлүүнү стимулдаштырууга жардам берет. Депутат белгилегендей, учурда бул жөлөкпул үчүн бюджеттен жылына болгону 600 млн сом сарпталат. Орточо эсеп менен жылына 150 миңдей бала төрөлөт.

Кыргызстанда бала бакчага ыйлайыктуу 40 потенциалдуу имарат бар

Кыймылсыз мүлк

Кыргызстанда бала бакчага ыйлайыктуу 40 потенциалдуу имарат бар

Башкы прокуратура мурда бала бакча катары колдонулган 25 имаратты  Билим берүү министрлигинин балансына кайтарганын вице-министр Надира Жусупбекова парламенттик комитеттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, кайтарылган объекттерден тышкары, министрликтин карамагында ар кандай реформалардан кийин алынган башка имараттар да бар. Ошентип, учурда бала бакчалар үчүн болжол менен 40 потенциалдуу имарат эсептелген. Мунун

Бишкекте ОСАГО полиси боюнча 44 жаранга 4 млн сомго жакын кенемте төлөндү

Транспорт

Бишкекте ОСАГО полиси боюнча 44 жаранга 4 млн сомго жакын кенемте төлөндү

Бүгүн Бишкек шаарында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ОСАГО полиси боюнча 44 жаранга 4 млн сомго жакын кенемте төлөп берди. Бул жолу сертификаттар ээлерине Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айып короосунда тапшырылды. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаарындагы филиалынын директору Алима Нурланованын айтымында, уюм 3 айдын ичинде ОСАГО полиси боюнча 100 млн

Тигүү тармагы акырындап жандана баштады

Экономика

Тигүү тармагы акырындап жандана баштады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Бишкектеги ири тигүү цехтердин бирине барып, өндүрүш процессин таанышып чыкканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Вице-министрдин айтымында, өлкөнүн тигүү жана текстиль тармагы 2025-жылдын күзүндө тышкы факторлордун таасири менен олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болгон. Ошол эле учурда мамлекет бул секторду колдоо чараларын

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

Кыймылсыз мүлк

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында Айбек Жунушалиев Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте кала турганын билдирди. Ал депутаттардан Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) даректериндеги эки жер тилкесин мамлекетке бекер өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун күн тартибинен алып салууну суранды. "Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калат

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Энергетика

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кайра жаралуучу энергия булактарынан (КЖЭБ) өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуунун эң жогорку тарифи 4 сом 42 тыйынды түзөрүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Анын айтымында, республикада жыл сайын жаңылануучу энергия булактары активдүү өнүгүп жатат. "КЖЭБ жөнүндө мыйзамга ылайык, мамлекет кичи ГЭСтерден жана

"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди

Коом

"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди

10 күндөн бери эл сүйүп көрүп жаткан Руслан Акундун "Нелегал" киносуна көп акча каражаты жумшалганын режиссер коомчулукка билдирди. Режиссёрдун айтымында, бул кинонун бюджети 61 млн. сомдон (700 миң доллар) ашкан. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда "Курманжан датка" тарыхый тасмасынан (ага мамлекет 70 млн сомдон ашык акча

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Коом

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Комитеттин маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас (мурдагы Нариман) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду. Алар жер

УКМК "Улуттук электр станциялар тармактары" АККнын кызматкерлерин кармады

Энергетика

УКМК "Улуттук электр станциялар тармактары" АККнын кызматкерлерин кармады

УКМК кызматкерлери коррупция жана мыйзамсыз акча чогултуу шеги менен "УЭСТ" ААКнын Чүй электр тармактар ишканасынын кызмат адамдарын кармашканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй облусундагы мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн алкагында аталган ишкананын айрым кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталган. Атайын кызматтын

Кыргызстанда такафул жана камсыздандыруунун жаңы эрежелери киргизилүүдө — эмне өзгөрөт?

Кыймылсыз мүлк

Кыргызстанда такафул жана камсыздандыруунун жаңы эрежелери киргизилүүдө — эмне өзгөрөт?

Министрлер кабинети камсыздандыруу тармагындагы жаңы эрежелерди бекитти. Алардын ичинде исламдык модель – такафулду киргизүү, ошондой эле топтолмо жана аннуитеттик камсыздандырууга карата жаңыланган талаптар бар. Бул документ камсыздандыруу рыногун модернизациялоого жана финансылык инструменттерди кеңейтүүгө багытталган. Токтомго ылайык: * биринчи жолу мыйзам алдындагы актылар деңгээлинде ислам принциптерине негизделген камсыздандыруу (такафул) бекитилди; * топтолмо жана аннуитеттик