Назира Абдиева

Бишкек - Балыкчы поезд каттамына люкс вагондор кошулду - панорамалык терезелер, кондиционер, телевизор

Бишкек - Балыкчы поезд каттамына люкс вагондор кошулду - панорамалык терезелер, кондиционер, телевизор

22-июлдан тарта модернизацияланган люкс вагон Бишкек – Балыкчы жүргүнчүлөр поездине кошулат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” МИнин кызматкери Дайырбек Орунбеков билдирди. “Республикалык ички каттамдагы Бишкек – Балыкчы жүргүнчүлөр поездине 51 орундуу люкс вагон кошулат, ал Бишкектен жөнөтүлөт. Вагондо жүрүүчү бөлүктөрдүн жана автотоктоткучтардын жаңы элементтери орнотулган, панорамалык терезелер, кең форматтагы телевизорлор, аудио стерео

Кыргызстанда Stat.salyk.kg ачык маалымат порталы ишке кирди

Кыргызстанда Stat.salyk.kg ачык маалымат порталы ишке кирди

Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкаруу боюнча Stat.salyk.kg ачык статистикалык маалымат порталын ишке киргизди. МСКдан маалымдашкандай, Stat.salyk.kg жарандарга салыктык башкаруудагы актуалдуу маалыматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берет, анда учурдагы мезгил үчүн маалыматтар мурунку жылдарга салыштырмалуу жарыяланган. “Бул коомчулукка Салык кызматынын ишине мониторинг жүргүзүү жана контролдоо мүмкүнчүлүгүн берет”

Финансы министрлигинин расмий сайтына киберчабуул болду

Финансы министрлигинин расмий сайтына киберчабуул болду

Финансы министрлигинин сайтына кибер чабуул болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Ведомство өзүнүн Facebook баракчасында кечээ, 19-июлда расмий сайтка кибер чабуул болгонун жана учурда адистер техникалык жумуштарды жүргүзүп жатканын билдирген. Киберчабуул (хакердик чабуул) – компьютердик системанын маалыматтык коопсуздугуна болгон аракет, маалыматтык системага кол салуу. Анын иштешин үзгүлтүккө учуратуу үчүн жеткиликтүүлүк,

МИК: Алты жылда 7 миң үй-бүлө турак-жайлуу болду

МИК: Алты жылда 7 миң үй-бүлө турак-жайлуу болду

Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга(МИК) 7 жыл болду. «МИК» АКК 2015-жылы июлда Өкмөттүн буйругу менен негизделген. Биринчи ипотекалык насыялар 2016-жылдын март айынан берилип баштаган. МИКтин берген маалыматына таянсак, андан бери 7 100 үй-бүлө турак-жайлуу болушкан жана бул үчүн компания 10 млрд сомдон ашык акча каражат жумшаган. * 2016-жылы ишке кирген биринчи турак-жай

«Манас» эл аралык аэропорту» жарым жылда 2.2 млн жүргүнчүнү тейледи

«Манас» эл аралык аэропорту» жарым жылда 2.2 млн жүргүнчүнү тейледи

«МЭА» ААК 2022-жылдын 6 ай аралыгында 2 млн 200 миңден ашуун жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу башкы аэропорттун маалымат кызматы билдирди. «Манас» эл аралык аэропорту» ААК 2022-жылдын 6 ай аралыгында 2 млн 220 миң 990 жүргүнчүнү тейледи. Бул көрсөткүч 2021-жылдын биринчи бөлүгүнө салыштырмалуу 42.3%га көп. 1 млн 509 миң

Новопокровкада «ЭлДан Аталык» чарбасынын 10 га эгин аянты күйүп кетти

Новопокровкада «ЭлДан Аталык» чарбасынын 10 га эгин аянты күйүп кетти

Новопокровка айылында кечээ, 19-июлда ачык айдоо аянтынан өрт чыгып, анын кесепетинен «ЭлДан Аталык» агроөнөр жай комплексинин 10 гектар эгин аянты күйүп кетти. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы барып, саат 18:53тө өрт толугу менен өчүрүлгөн. Белгилей кетсек,

Швейцария кыргызстандыктардын саламаттыгын чыңдоого 5 млн доллар берет

Гранттар жана кредиттер

Швейцария кыргызстандыктардын саламаттыгын чыңдоого 5 млн доллар берет

Швейцария жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана башкаруу боюнча II фаза долбоорунун алкагында Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого 5 миллиондон ашык швейцария франкын (азыркы курс менен 5.2 млн долларга жакын) бөлөт. Долбоорду узартуу боюнча тиешелүү макулдашууга КР Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков жана Швейцариянын КРдагы элчиси Оливье

Баткен облусунда быйыл 80 тоннага аз эт өндүрүлдү - мал кармагандар азайды

Баткен облусунда быйыл 80 тоннага аз эт өндүрүлдү - мал кармагандар азайды

2022-жылдын январь-июнь айында Баткен облусунан башка республиканын бардык аймактарында эт көп өндүрүлгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Баткен облусунда эт өндүрүү 11 миң 966 тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80 тоннага азайып, 99.3%ды түзгөн. Облуста эт өндүрүнүн төмөндөшүнүн эң негизги себеби – кой/эчкинин саны – 14

Ысыкта электр энергиясын колдонуу рекорддук көрсөткүчкө жетти - Токтогулда суунун чыгымы көбөйдү

Ысыкта электр энергиясын колдонуу рекорддук көрсөткүчкө жетти - Токтогулда суунун чыгымы көбөйдү

Кыргызстанда жай мезгилиндеги электр энергиясын колдонуунун рекорддук көрсөткүчү катталганын “Улуттук энергохолдинг” билдирди. Аба ырайынын кескин ысышына байланыштуу жайкы мезгилдеги электр энергиясын колдонуунун рекорддук көрсөткүчү катталды. Үстүбүздөгү жылдын 19-июлуна карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 34 млн кВт-саатты түзгөн. Ал эми өткөн жылы 29 млн кВт-саат, 2020-жылы 28 млн кВт-саат болгон. Электр

Финансы министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө каралган акчанын жарымын берди

Финансы министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө каралган акчанын жарымын берди

2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоого 4 млрд 495 млн сом каралып, 2022-жылдын 30-июнуна карата 2 млрд 300.5 млн сом бөлүнгөн (49.2%). Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Эң көп каржы талап кылган «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин жылуулук энергиясын субсидиялоого 1.41 млрд сом (93.6 млн

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Илон Маск менен кызматташууну көздөөдө

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Илон Маск менен кызматташууну көздөөдө

Санариптик өнүктүрүү министрлиги байланыштын сапатын жакшыртуу үчүн кошумча ресурс үчүн SpaceX менен кызматташуунун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу министр Талантбек Иманов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкө бардык операторлор менен байланыштын сапатын көзөмөлдөөнү пландаштырууда. Space Exploration Technologies Corporation (SpaceX) — космостук технологияларды чыгарган америкалык компания. SpaceX 2002-жылы Марсты колониялоо үчүн ракета

Россиялык компания кыргызстандыктарды соцкамсыздандыруу менен ишке алууга даяр экенин билдирди

Россиялык компания кыргызстандыктарды соцкамсыздандыруу менен ишке алууга даяр экенин билдирди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Россиянын “Прайдекс” курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Москва жана Санкт-Петербург шаарларында жайгашкан компаниянын өкүлдөрү КРнын жарандарын РФда ишке орноштуруу үчүн кабыл алууга даяр экендигин билдиришкен. Ошол эле учурда татыктуу эмгек акы, социалдык пакет, юридикалык коргоо, турак