Новопокровкада «ЭлДан Аталык» чарбасынын 10 га эгин аянты күйүп кетти

Новопокровкада «ЭлДан Аталык» чарбасынын 10 га эгин аянты күйүп кетти

Новопокровка айылында кечээ, 19-июлда ачык айдоо аянтынан өрт чыгып, анын кесепетинен «ЭлДан Аталык» агроөнөр жай комплексинин 10 гектар эгин аянты күйүп кетти. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы барып, саат 18:53тө өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Белгилей кетсек, “ЭлДан Аталык” Кыргызстандагы эң ири агроөнөр жай холдингдердин бири “Аталык Групп” тобуна кирет.

«Аталык Групптун» сайтында маалымдалгандай, «ЭлДан Аталык» агроөнөр жай комплекси үрөнчүлүк жана асыл тукум мал чарбасы менен алектенет. Айдоо аянттары 3000 гектардан ашык. Негизги багыттары үрөндүк арпа, беде, кант кызылчасы жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбой турганын "Бишкекгаз" газ кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 27-28-апрель күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт: * Исакеев көчөсүндөгү төмөнкү үйлөр: №18/1, 18/1а, 18/17, 18/18, 18/11, 2а

"Бала ырысы" жөлөкпулун 25 миңден ашык адам алып жатат

"Бала ырысы" жөлөкпулун 25 миңден ашык адам алып жатат

Кыргызстанда балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоонун жаңы чаралары ишке ашырылып жатканын эмгек министринин орун басары Мирлан Байгончоков 24-апрелде "Ишеним" депутаттык тобунун жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2024-жылдын июль айынан тартып "Балага келечек" программасы иштеп жатат. Бул программа ар бир бала 18 жашка чыкканда 500 миң сом топтоону карайт.

Чолпон-Атадагы ооруканага 20 млн сом бөлүнөт

Чолпон-Атадагы ооруканага 20 млн сом бөлүнөт

Парламент төрагасы Марлен Маматалиев Чолпон-Ата шаарындагы жалпы дарыгердик практика борборунда болуп, 100 орундуу жаңы имараттын курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2024-жылдын аягында башталып, ага республикалык бюджеттен 230 млн сом каралган. Бирок каржы маселеси толук чечилбей курулуш иштери кечеңдөөдө.  Төрага

Кыргызстанга электрондук тамекини импорттоого болгон чектөө 6 айга узарышы мүмкүн

Кыргызстанга электрондук тамекини импорттоого болгон чектөө 6 айга узарышы мүмкүн

МинКаб Кыргызстанга электрондук тамекини импорттоого кирген чектөөнү дагы алты айга узартууну сунуштады. 23-апрелде коомдук талкууга коюлган бул долбоор 2025-жылы күчүнө кирген мыйзамдын талаптарын аткарууга багытталган. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, мындай чектөө быйыл 10-январдан тартып алты айга киргизилген жана бул аралыкта Кыргызстанга бир да электрондук тамеки ташылып келинген эмес. Документте